КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги ЮСАИД РЕФОРМА долбоорунун жардамы менен өлкөнүн тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү жана узак мөөнөттү стратегиясын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Новости
09-Июль 2012-ж.
2631

КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги ЮСАИД РЕФОРМА долбоорунун жардамы менен өлкөнүн тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү жана узак мөөнөттү стратегиясын иштеп чыгууну пландаштырууда. Иштеп чыгуу процессине экономика, юриспруденция жана тоо-кен казуу тармагынын адистери тартылат.

Министрлик 2012-жылдын башынан тартып тоо-кен казуу тармагын реформалоо боюнча ишти ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө, эксперттик топ тарабынан Кендер жөнүндө” мыйзам долбоорунун биринчи пакети даярдалды, ал парламенттик комитеттер жана фракциялар тарабынан каралган жана үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.

Кендер жөнүндө” мыйзамдын пакети жөнгө салуунун административдик формасынан кенди пайдалануучулар менен мамлекеттин ортосунда өз ара аракеттенүүнүн экономикалык механизмдерине өтүү менен тоо-кен казуу тармагынын ачыктыгына жана айкындыгына багытталган. Жаңы механизмдер тоо-кен казуу тармагын инвесторлор үчүн айрыкча жагымдуу кылып, оң эффекти берет жана ошондой эле жалпы өлкөнүн экономикасына жана тармакка кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу