КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги “Сүттүн жана анын кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин долбоору жөнүндө маалымдайт.

Новости
25-Июнь 2012-ж.
2878



Сүттүн жана анын кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин долбоору Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №533 2006-2011-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн даярдалды.
Сүттүн жана анын кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти кабыл алуунун максаты болуп белгиленген талаптарды бузууга жол бербөө, сапатсыз продукцияны колдонуу менен байланыштуу оорууларды кыскартуу жана ден соолук үчүн коркунучтарды азайтуу, сүттүн жана аны кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугун камсыз кылуучу ченемдерди жана аларды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтин чараларын орнотуу эсептелет.
Сүттүн жана анын кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин долбоорунун жоболору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт жана жашоо циклинин бардык этаптарында сүттүн жана аны кайра иштетүү продуктыларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган: продукцияны иштеп чыгуу жана өндүрүшкө жеткирүү, өндүрүү, сактоо жана ташып жеткирүү, сатуу жана жокко чыгаруу.






25.06.12-ж. КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Хунбо” компаниясынын (КЭР) башкаруу төрагасы менен болгон жолугушууда тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуу жана кызматташуу маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев Хунбо” компаниясынын (КЭР) башкаруу төрагасы Лю Жианганг мырза менен болгон жолугушууда тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуу жана кызматташуу маселелерин талкуулады.
КЭР менен КР ортосунда кызматташууну жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүүнүн оң натыйжаларын белгилеп, министр Темир Сариев инвестициялык жагымдуулук жөнүндө, Кендер жөнүндө” мыйзам долбоорунун принциптери жөнүндө маалымдады. Биздин мамлекет кендерди өздөштүрүүгө лицензияларды берүүнүн ачык-айкын жол-жоболорун орнотууга кызыкдар жана ниеттүү жана мамлекет инвесторлорду коргоону өзүнө алат.
Өз учурунда, Лю Жианганг мырза- Хунбо” компаниясынын (КЭР) башкаруу төрагасы, өзүнүн компаниясы жөнүндө кеңири маалымат берди. Хунбо техноложи ЛТД” компаниясы 2008-жылы Баотоу шаарында (КЭР) түзүлгөн жана сейрек кездешүүчү металлдардын жогорку технологияларын изилдөө зонасында жайгашкан, компаниянын уставдык капиталы 600 млн. юань түзөт. 2010-жылы компания РЗ продукциясын, өлкө ичинде жана анын чектеринен тышкары сатууга укук алган.







25.06.12-ж. КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору тиешелүү макулдашууга кол коюлгандан кийин расмий түрдө CEN стандартташтыруу боюнча өнөк – уюму (PSB) болот.


КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору тарабынан Стандартташтыруу боюнча европа комитетинин дарегине Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборун Стандартташтыруу боюнча европа комитетине стандартташтыруу боюнча өнөк-уюму катары кабыл алуу арызы менен кайралган. Стандартташтыруу боюнча европа комитетине мүчөлүккө билдирме расмий түрдө Стандартташтыруу боюнча европа комитетинин мүчөлөрү тарабынан ү.ж. 7-июнунда Албена шаарында (Болгария) өткөн Генералдык Ассамблеяда кабыл алынган.
Стандартташтыруу боюнча европа комитетине мүчөлүк жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин Стандартташтыруу боюнча европа комитетинин стандартташтыруу боюнча өнөк – уюму (PSB) болот.
Стандартташтыруу боюнча европа комитетине мүчөлүк Кыргыз Республикасына республиканын экономикасынын ар түрдүү тармактарында, анын ичинде курулуш тармагында (еврокоддорду) республиканын улуттук шарттарын эсепке алуу менен Европа стандарттарын колдонууга мүмкүндүк түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу