Сапат менеджментинин системасы боюнча окутуу борборлорунун иши жөнүндө

Новости
15-Март 2019-ж.
4323

2019-жылдын 15-мартында КР Экономика министрлигинде Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) көмөгү менен мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулугунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун камсыздоо жана ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарын (ХАССП, ИСО 2200, Global Gap, Халал) аткарууну камсыздоо максатында кызмат көрсөтүү (консалтинг/кызмат көрсөтүү) маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Бакыт Шабданов GIZ, ADB, Германия Федеративдүү Республикасынын Метрология улуттук институту (PTB) эл аралык донорлору тарабынан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана республикада экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча консультанттарды окутуу бөлүгүндө аткарган иштери жана пландалган иш-чаралардын сапат менеджментинин системасы боюнча окутуу борборлордун иштери жөнүндө маалымат берилди. 

Ошондой эле сапат менеджментинин системасы жана консультанттардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү боюнча консультанттарды тандоо боюнча критерийлер жөнүндө маселени бизнес-коомчулугу менен косультанттар өз ара талкуулашты.

Мындан тышкары, консультанттарды тартууга тоскоол болгон көйгөйлөрдү чечүү жолун табуу жана талкуулоо боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан консультанттардын маалымат базасын өз убагында түзүүнүн жана актуалдуулугуна коментарийлер берилди.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча министрликтин расмий сайтында техникалык жөнгө салуу жана КР ЭМ караштуу СМБ бөлүгүндө сапат менеджментинин системасы боюнча консультанттардын маалымат базасы түзүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу