КР Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен Корей турак жай-финансылык корпорациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
12-Март 2019-ж.
4447

2019-жылдын 12-мартында Экономика министрлигинде “МИК” компаниясы (Кыргыз Республикасы) менен Корей турак жай-финансылык корпорациясы (КТФК) (Түштүк Корея) ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлду.

КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров белгилегендей, аталган меморандумдун максаты, турак жай жана ипотека рыногунун туруктуулугун жогорулатуучу стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип изилдөө болуп саналат. 

Кол коюлган меморандум тараптардын узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталат, ал финансылык инструменттерин, турак жайды каржылоо жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү методдорун жана потенциалын изилдөө чөйрөсүндө мындан ары кызматташуунун маанилүү аспектилерин аныктайт.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруу жолу аркылуу биздин өлкөнүн калкынын турак жай маселелерин чечүүгө мамекеттик колдоо ролу күчөтүлдү. Экономика министрлиги - программаны координациялоо жана турак жай саясатынын стратегиялык өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган, - деп билдирди министрдин орун басары. 

Маалымат үчүн:

Корей турак жай-финансылык корпорациясынын (КТФК) 2004-жылдан бери ипотекалык насыя берүүнү кайра каржылоо жана ипотекалык насыя берүүгө узак мөөнөттүү инвесторлорду тартуу максатында Корея Республикасынын ипотекалык рыногунун коопсуздугун сактоо чөйрөсүндө өз ишинин көп жылдык тарыхы бар. КТФК негизги негиздөөчүлөрү Өкмөт жана Корея Республикасынын Улуттук Банкы. Ушуга байланыштуу КТФК Корея калкынын социалдык-маанилүү катмарын арзан турак жай менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Программасынын негизги аткаруучусу болуп саналат. Ошондой эле КТФК негиздөөчүсү Жер ресурстары, инфраструктура жана транспорт министрлиги болуп саналат. Азыркы учурда КТФК 100% акциясы мамлекетке таандык.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу