КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор “Кыргыз Республикасында заманбап метрологиялык инфраструктураны түзүү” семинарды өткүрдү.

Новости
13-Июнь 2012-ж.
2750

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор 2012-жылдын 12-июнунан 14-июнга чейин Бишкек шаарында Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун 4-кабатында Кыргызстанда заманбап метрологиялык инфраструктураны түзүү” семинары болуп өттү. Ага Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Ош, Жалал-Абад, Кара-Кол, Токмок, Нарын, Чолпон-Ата, Талас, Кара-Балта шаарындагы масса жана температура жаатындагы метролог адистери, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин ченөө бирдейлигин камсыз кылуу секторунун, Метрологиялык көзөмөлдүн мамлекеттик инспекциясынын жана башка кызыкдар уюмдардын кызматчылары катышышты.
Бул семинар ИСО/МЭК 17025 стандарттарына ылайык калибрлөөчү лабораторияларга техникалык талаптарды туура түшүндүрүүгө, жана ошондой эле калибрлөө жол-жоболорун иштеп чыгуу маселелерин, жабдуулар үчүн иш инструкцияларын, эталондорду калибрлөө статустарын аралык текшерүүлөрүн чагылдырылды.
Мындан тышкары, семинардын катышуучулары масса жана температуранын заманбап эталондук лабораторияларынын иши менен тааныша алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу