Кыргызстанда 2017-жыл үчүн Сапат боюнча сыйлыктарды изденип алууга өкмөттүк конкурстун лауреаттары жана дипломанттары аныкталды

Новости
25-Февраль 2019-ж.
4513

2019-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2017-жыл үчүн Сапат боюнча Кыргыз Рсепубликасынын сыйлыктарын изденип алуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду

Экономика министри О. Панкратов: Конкурс "Сапат жана коопсуздук: жашоонун жогорку стандарттарына карата жол!" урааны менен өткөрүлдү. Ага республиканын облустарынан туристтик жана мейманканалык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнөн 92 уюм катышты.

Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыктары жыл сайын конкурстук негизде продукциялардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуу жыйынтыкка жетишкендиги, продукцияны өндүрүүдө же кызматтарды көрсөтүүдө шарттарын сактагандыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандыгы, сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн ыйгарылат.

"Өкмөт тарабынан уюштурулган конкурс көптөгөн башка конкурстардан сапат жаатындагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын ишин комплекстүү баалоого басым жасалгандыгы менен айырмаланат. Атап айтканда, сыйлыктар продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуу мүнөздөмөлөрүнө жетишкендиги үчүн гана эмес, уюмду башкаруунун натыйжалуулугу үчүн да ыйгарылат". 

Ошондой эле министр конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо оңой болбогондугун белгиледи. Катышуучулардын ар бири сыйлык алууга татыктуу талапкер болушту, жеңүүгө баарынын мүмкүнчүлүгү бирдей болду. Тандоонун негизги критерийи калк жана туристтер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү болуп саналды. 

2017-жыл үчүн Сыйлыктын лауреаттары наамы төмөнкү уюмдарга ыйгарылды:

1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:

"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясы" мекемеси, Ысык-Көл облусу;

"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Orion Hotels" жоопкерчилиги чектелген коому ("Орион Хотелс"), Бишкек ш.;

"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Ошкурулушсервис" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;

2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:

- "Байбол-Трэвел" туристтик компаниясы, Талас облусу.

2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциялардын сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2017-жылга сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен сыйлансын:

1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:

"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Кыргыз деңизи" санаторийи" филиалы, Ысык-Көл облусу;

"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Ляззат" жоопкерчилиги чектелген коому, "Ак-Марал" эс алуу борбору, Ысык-Көл облусу;

- "ОШ-НУРУ" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;

"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Park Palas" жоопкерчилиги чектелген коому ("Парк Палас"), ("Отель Амбассадор"), Бишкек ш.;

- "Домик для гостей Небесные горы Нарына" жоопкерчилиги чектелген коому, Нарын ш.;

- "Sun Rise Osh" отели, ("Сан Райс Ош"), Ош ш.;

2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:

- "BMS" жоопкерчилиги чектелген коому ("Би Эм Эс") ("Амадеус"), Бишкек ш.;

- "Трэвел Шоп" жоопкерчилиги чектелген коому, Бишкек ш.

Өкмөт Сапат боюнча конкурсту 1998-жылдан баштап өткөрүп келет, анын максаты, ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана сапатка карата системалуу мамилени өнүктүрүү. Конкурс жыл сайын экономиканын ар кандай чөйрөсүндө өткөрүлүп келет. Эң биринчи жолу өнөр жай ишканалардын, агро өнөр жай комплекстеринин жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн. Анын артынан кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын, калк үчүн товарларды өндүрүүчүлөрдүн, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, курулуш тармагы, саламаттык сактоо, билим берүү, коомдук тамактануу чөйрөлөрүнүн ортосунда конкурстар өткөрүлүп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу