Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Адал продукциясын стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иш аракетине тоскоол болбойт.

Новости
31-Май 2012-ж.
2762


Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча сектор Министрликтин структурасында 2010-жылы түзүлгөн жана бүгүнкү күнгө чейин иштөөдө. Министрлик тарабынан төрагасы К.Өмүрзаков болгон, Адал боюнча №30 техникалык комитет тарабынан иштелип чыккан жана макулдашууга сунушталган Адал продукциясы жана кызматтары. Ыктыярдуу сертификаттоону өткөрүү эрежелери жана тартиби” стандарттын долбоору каралган.

Сунушталган долбоор адал стандарттарын колдонуу процессинде Адал сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары- Диний-илимий жана медициналык изилдөөлөр Ислам борборунун катышышын сунуш кылат, бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, жана ошондой эле Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча Министрлик жүргүзүп жаткан саясатына туура келбейт.

Мыйзамдарга ылайык, биздин өлкөнүн аймагындагы бардык стандарттар ыктыярдуу болушат. Бул, ишкер кайсы стандарттарды колдоноорун өзү чечээрин билдирет. Мамлекеттик органдар продукцияга же аны халал” стандартына ылайык келээрине контролду ишке ашырышпайт. Башка сөздөр менен айтканда көзөмөл функциясы өз алдынча жөнгө салууга өткөрүлүп берилген, аны сертификаттоонун жеке органдары, ишкерлердин ассоциациясы, коомдук комитеттер ишке ашыра алат. Мамлекеттик милдети шарттарды түзүүдө, стандарттарды орнотуу түрүндө оюндун эрежелерин аныктоодо камтылат.
Белгилеп кетүүчү нерсе, бул эреже адал – индустриясына гана тиешелүү эмес. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу” мыйзамына ылайык контролду жүргүзүү жана шайкештикти далилдөө боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоосуз, ыктыярдуу негизде стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жаатында укуктук негиздер орнотулган, анын негизинде бир чарба субъектине артыкча (монополдук) укуктарды сунуш кылууга жол бербөө жана Адал индустрия рыногунда жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында Министрлик тарабынан стандарттар долбоорунда сертификаттоо органынын аталышын көрсөтүүчү пункттарды жокко чыгаруу сунушталууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу