Автотранспорттук каражаттардын ээлеринин жарандык- укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө

Новости
04-Февраль 2019-ж.
2431

Соода жана транзит жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин катчылыгы тарабынан Экономика министрлигинин аянтчасында 2015-жылдын 24-июлунда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык- укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» (ОСАГО) КР Мыйзамдын жоболорунун бизнес-коомчулуктун, анын ичинде транспорттук компаниялардын- жүк ташуучулардын өкүлдөрүнө түшүндүрүү максатында тегерек стол өткөрүлдү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү тарабынан ОСАГО боюнча жогоруда аталган Мыйзамдын жоболоруна, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбага саресеп жана Кыргыз Республикасында колдонуу өзгөчөлүктөрүнө презентация жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, камсыздандыруу компаниялары милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү тартиби, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоо жана ОСАГО маселелери боюнча талаштарды чечүү тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Бул иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун тийиштүү башкармалыктары, бөлүмдөрү, камсыздандыруу компанияларынын, бажы брокерлеринин ассоциациясынын, жеткирүүчүлөрдүн/ өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун, КР алыска каттаган айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун жана жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу