Кыргызстандын делегациясы Стамбулда Тракий ЭЭЗ жобосу менен таанышты

Новости
01-Февраль 2019-ж.
4866

Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовдун 2019-жылдын 31-январында Турция Республикасына иш сапарынын алкагында, кыргыз делегациясы эркин экономикалык зонаны түзүүдө жана башкарууда тажрыйба алуу максатында Стамбул шаарындагы Тракий эркин экономикалык зонасына барып келишти.  

Иш сапардын жүрүшүндө. Делегация Тракий ЭЭЗ жоболору менен таанышты, эркин экономикалык зонанын дирекциясы жана аны башкаруучу компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. ЭЭЗ дирекциясы тарабынан статистикалык маалыматтарды көрсөтүү менен иш жөнүндө жалпы маалымат презентацияланды. Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды түзүүдө жана башкарууда кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулашты.   

Турция тарабы кызыкчылыгын билдирди жана эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүндүгүн карап чыгууга макулдугун билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эркин тракий экономикалык зонасынын аймагында жайгашкан өндүрүш ишканаларына барып келишти. 

Маалымат үчүн:

Тракий эркин экономикалык зонасы “Ататүрк” эл аралык аэропортунан көп алыс эмес, Стамбул шаарынын аймагында жайгашкан. Эркин экономикалык зонасынын жалпы аянты 387000 м2 түзөт, 160тан ашык ишкана, иштеп жаткан персоналдын санын 3000 адам түзөт, 2018-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 млрд. АКШ долларын түзөт. Эркин зонасынын Кыргыз Республикасына экспорту 7 млрд. АКШ долларын түзөт, анын ичинен 6 млрд. дары-дармек препараттары жана медикаменттер. Кыргыз Республикасынан тракий зонасына товарлардын импорту жүргүзүлбөйт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу