Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынтыктары

Новости
22-Январь 2019-ж.
2136

Ушул жылдын 18-январында Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары   жана ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы Т.Саркисяндын катышуусунда болуп өттү.

Органга төрагалык кылуу Армения Республикасына өткөндүктөн жыйын Армения Республикасынын вице-премьер министри М. Григорьяндын  төрагалыгынын астында өттү. 

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБдин санариптик  күн тартибине, бажы кызматташтыгына, интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык ишке   тиешелүү 24 маселе каралды.

Жыйындын аягында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды: 

 -"Евразия экономикалык бирлигинде интеграциялык долбоорлордун келечеги жөнүндө" ЕЭК Кеңешинин буйругу,

 -Россия тараптын демилгеси боюнча ЕЭК Кеңеши интеграциялык кызматташуу, ишкер демилгелерди өнүктүрүү жана интеграциядан жарандар менен бизнеске пайданы камсыз кылуу, интеграциялык кызматташууну тереңдетүүгө багытталган сунуштар каралды. Тагыраагы, бирликтин алкагында жарандар менен уюмдардын ортосундагы акча которуу системаларын өнүктүрүү сыяктуу долбоорлор жөнүндө, ошондой эле айыл чарба продукциялары менен тамак-аш продукцияларын  логистикалык жана дүң бөлүштүрүү механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө сөз болду. Биримдикке кирген башка өлкөлөр  кийинки ЕЭК Кеңешине өздөрүнүн интеграциялык долбоорлорун сунуш кыла турган болушту. 

ЕЭКтин "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин жарандарынын эмгекке жайгашуусун жана иш менен камсыз болуусу үчүн санариптик экосистеманы иштеп чыгуу боюнча демилгелерди иштеп чыгуу боюнча" буйругу. 

ЕЭК Кеңешинин буйругу менен ЕЭК Коллегиясына "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин жарандарынын эмгекке жайгашуусун жана иш менен камсыз болуусу үчүн санариптик экосистеманын моделин иштеп чыгуу" темасы боюнча изилдөө жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилген. 

-ЕЭК Кеңешинин "2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документти даярдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө" буйругу. 

Буйрук 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документтерди даярдоо боюнча жумушчу топту түзүүнү карайт.   

-2016-жылдын 18-октябрындагы ЕЭК Кеңешинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЕЭК Кеңешинин буйругу.

ЕЭК Кеңешинин буйругу менен 2016-жылдын 18-октябрындагы буйругу менен бекитилген артыкчылыктуу Евразия технологиялык  платформасынын  тизмесине максаты, милдети жана ишиндеги негизги багытын , ошондой эле уюштуруучулар жөнүндө маалыматты камтыган  Евразия технологиялык  платформасынын  паспортун тиркөө менен  толуктоо киргизилет. Уюштуруучулар Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын тогуз  ишканалары жана илимий институттары  болушту. 

ЕЭК Кеңешинин "Балыктын айрым түрлөрүнө карата ЕАЭБдин Бирдиктүү  бажы тарифтеринин алып кирүү ставкаларын белгилөө жөнүндө жана Казакстан Республикасы ДСУга кошулуу шарты катары кабыл алган милдеттенмелерге ылайык ЕАЭБдин  бирдиктүү бажы тарифтеринин алымдарынын ставкасы менен салыштырмалуу төмөн бажы алымдарынын ставкасы колдонулуучу товарлардын тизмесине жана мындай алымдардын ставкасынын өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө"   чечими

 ЕЭК Кеңешинин Россия Федерациясынын 3 жылдык мөөнөткө 10% дан 0% ( 0301 91 900 0  жана 0301 99 110 0 коду ЕАЭБ  ТЭИ  ТН) балыктын айрым түрлөрүнө карата ЕАЭБ ББТнын ташып келүүдөгү бажы алымдарынын ставкасын төмөндөтүү жөнүндө  демилгелүү сунушун кароо жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды 

 -"Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине өзгөртүү киргизүү жана ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун планынын II бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ЕЭК Кеңешинин чечими. 

 ЕЭК Кеңешинин  бул чечими  менен  2014-жылдын 1-октябрындагы ЕЭКтин чечимине ЕАЭБдин техникалык регламенттерине  типтүү схемалардын негизинде шайкештикти баалоо жол-жоболорун жана схемаларын, формаларын белгилөөгө тиешелүү өзгөрүүлөрдү   киргизүү каралган 


 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу