Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин жетекчилигинин “Кантский цементный завод” ААКнын катышуусу менен цемент рыногундагы жагдай боюнча пресс-конференция болуп өттү.

Новости
24-Май 2012-ж.
2735



Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору Бакыт Исаевдин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Соода саясат башкармалыгын начальниги Таалай Бекташовдун, Кантский цементный завод” ААКнын генералдык директору Данияр Салиндин катышуусу менен цемент заводундагы жагдай боюнча пресс-конференция болуп өттү.
Пресс-конференциянын катышуучулары белгилегендей, бүгүнкү күндө, республикада цемент өндүрүшү төмөнкү заводдор менен сунушталган:
- Кантский цементный завод” ААКсы – долбоордук кубаттуулугу- жылына 1290 миң тонна цемент. КЦЗ” ААКсы жылына 1100-1200- миң тонна чыгара алат. Үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт. Кыргыз Республикасынын монополиянын табигый жана уруксат берилген субьекттеринин мамлекеттик республикалык реестрине киргизилген.
- ТехноЛин” ЖЧКсы – Кант шаары, долбоордук кубаттуулугу жылына 320 миң тонна цемент. Азыркы учурда иштебей токтоп турат.
- Курментыцемент” ААКсы- Ысык-Көл облусу, өндүрүш туруктуу эмес, долбоордук кубаттуулук- жылына 60 миң тонна цемент;
- Южный комбинат строительных материалов” ЖЧКсы – Араван району, долбоордук кубаттуулугу- жылына 200 миң тонна цемент;
- Южно-Кыргызский Цемент” ААКсы- Кызыл-Кыя шаары, долбоордук кубаттуулугу – жылына 1100 миң тонна цемент;
- Ак-Сай Цемент” ЖАКсы- Ош облусунун Ноокат району, курулуш иштери 2008-жылы башталган, аяктай элек.

Цементке болгон чекене рыноктук баалар рынок мыйзамдарына ылайык түзүлөт, б.а. сурамдан жана сунуштан көз каранды.. Кыш мезгилинде цементке болгон сурам төмөндөй, ушундан улам цементке болгон баа дагы төмөндөйт. Жылдын жазгы-жай мезгилинде, курулуш иштери башталган учурда сурам менен баа өсөт. 2012-жылга карата май айына карата цемент заводдорунун баалары жана чекене баалар:

Чарбакер субьекттин аталышы Салыктарды эсепке алуу менен, тарага салынбаган цементтин 1 тоннасына баа, сом Салыктарды эсепке алуу менен, тарага салынган цементтин 1 тоннасына баа, сом 23.05.12-ж. карата рыноктук чекене баалар, сом/ кг
Кантский цементный завод” ААКсы 4700,0 5350,0 мin – 9,0
мax – 10,0
Южно-Кыргызский Цемент” ААКсы 4900,0 5400,0
мin – 8,0
мax – 8,5
Южный комбинат строительных материалов” ЖЧКсы 4650,0 5500,0 мin – 7,0
мax – 7,5

Жакынкы арада кыш мезгилинде цемент заводдорун иш менен камсыздоо үчүн курулуш мезгилинин сезондор аралыгында цементти сатып алуу жөнүндө цемент өндүрүүчүлөрү менен макулдашууну түзүү боюнча КРнын куруучулар союзунун ассоциациясы менен жумушчу кеңешти өткөрүү пландаштырылууда.
Өндүрүшкө жана продукциянын сатылуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү боюнча ар апталык маалыматты сунуштоо жөнүндө цементти өндүрүүчүлөр менен (КЦЗ) келишим жетишилди.
Министрлик тарабынан ТехноЛин” цемент заводунун акционерлери менен заводду тездетип иштетүү жөнүндө жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун натыйжасында газды, чийки затты ташып келүүгө келишим түзүүдөн, жана тиешелүү персоналды жумушка алуудан кийин заводду жакынкы арада иштетүү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу