Кыргызстандын курулуш рыногу 2018-жылы 7,8% жогорулады

Новости
22-Январь 2019-ж.
2219

2018-жылдын январь-декабрына карата курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 153,3 млрд.сомду түзүп, жогорулоо 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8% түздү.    

 Курулуш секторунун экономикалык өсүш темпине тийгизген таасири оң болуп ИДПны түзүүгө кошкон салымы 0,67 пайыздык пунктту түздү, өндүрүш түзүмүндөгү салыштырма салмагы 8,8% түздү. 

 Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмү жогорулашы байкалууда. 2018-жылдын январь-декабрынын жыйынтыгы боюнча  каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга  салынган  инвестициялардын көлөмү  150,8 млрд.сомду түзүп 3,3% жогорулаган. 

Негизги капиталга болгон инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарба, токойчулук жана балык чарба объекттерин куруу 2,2% эсеге, кайра иштетүү өнөр жайы-14,1%, дүң жана чекене соода-1,6эсеге, транспорт иши жана жүктөрдү сактоо-18,5%, мейманкана ресторандар-1, 8 эсеге саламаттык сактоо -6.2%, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу -19,1%, ошондой эле турак-жай курулушу -28%   жогорулашы  менен шартталган.

Ушуну менен катар эле негизги капиталга болгон инвестициялардын төмөндөөсү жер казынасын казуу объекттерин курууда -3,7%, электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыз кылуу (жабдуу)- 59,2%, суу менен камсыз кылуу, тазалоо, таштандыларды чыгаруу-25,5%, маалымат жана байланыш объекттерин куруу -25,1% , ошондой эле билим берүү-28,1% төмөндөөсү байкалды. 

Өткөн жылда инвестициянын негизги көлөмү (жалпы көлөмдүн 76%) кен казуу боюнча объекттердин курулушуна, кайра иштетүү, электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо, транспорт иштери жана турак жай курулушуна багытталган. 

 

Ички булактардын эсебинен каржылануучу инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын  январь-декабрына  салыштырмалуу 24% жогорулаган, ал эми тышкы инвестиция тескерисинче  27,8% кыскарган. 

 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу