Министр Т.Сариев тармактык министрликтердин, ведомстволордун, облустук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен 2012-жылдын 4 айынын жыйынтыктары боюнча экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө жана компенсациялык чараларды иштеп чыгууга байланыштуу көйг

Новости
18-Май 2012-ж.
2562


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Кичи залында Министр Темир Сариевдин тармактык министрликтердин, ведомстволордун, облустук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен 2012-жылдын 4 айынын жыйынтыктары боюнча экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө жана компенсациялык чараларды иштеп чыгууга байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Министр Т.Сариев белгилегендей, 2012-жылдын январь-апрель айларында, Улуттук Статистика Комитетинин болжолдуу баалоосу боюнча ички дүң продуктынын (ИДП) өлчөмү 70,2 млрд. сомду түздү, ал эми өндүрүштүн реалдуу төмөндөшү 2011-жылдын январь-апрель айларындагы 3,0 пайызга реалдуу өсүшкө каршы, 6,8 пайызга кыскарды. Кум-Төр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, реалдуу ИДПнын өсүшү 3,7 пайызды түздү, 2011-жылдын окшош мезгилинде бул көрсөткүчтү 3,4 пайыз түзгөн.
Ушуга байланыштуу, Министрлик оперативдүү түрдө компенсациялык чаралардын пакетин, жана ошондой эле экономикалык өсүштүн мындан ары төмөндөшүн алдын алууга багытталган чараларды иштеп чыгууда. Азыркы учурда экономикалык өсүш өнөр жай өндүрүшүнүн жана кызмат көрсөтүү секторунун базалык бир нече ишканасына топтолууда, бул ушул секторлордун биринде көйгөй пайда болгон учурда экономиканы аялуу жана күчсүз кылууда. Бул өлкөнүн ИДПнын кескин түрдө төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, Министрликтин жана эксперттик коомчулуктун аракеттери экономикалык өсүштүн кошумча резервдерин табууга багытталышы керек. Ушул максатта бул иш чарага бардык министрликтер, ведомстволор, облустук мамлекеттик администрациялар тартылды. Министр катышуучуларды бул процесске активдүү катышууга жана чараларды, сунуштарды оперативдүү түрдө сунуш кылууга чакырды.
Ушуну менен катар, бул жолугушууда 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өнүгүүнүн орто мөөнөттү программасын толуктап иштеп чыгуу жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өнүгүүнүн орто мөөнөттүү программасына карата кеңейтилген планды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу