КРнын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясында “Мы делаем измерения для Вашей безопасности!” метрологиянын дүйнөлүк күнүнүн девизи алдында тегерек стол болуп өттү.

Новости
17-Май 2012-ж.
2938

Кыргыз Республикасынын Экономика жана саясат министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясында Кыргызстанда метрологиялык көзөмөлдөөнүн жана метрологиянын абалы жөнүндө” тегерек стол болуп өттү.

Бул иш чара жыл сайын 20-майда белгиленүүчү Мы делаем измерения для Вашей безопасности!” метрологиянын дүйнөлүк күнүнүн девизи алдында өтүүдө. Бул дата 1875-жылдын 20-майында, эл аралык дипломаттык конференцияда белгилүү болгон Метр Конвенциясына” (Metre Convention) кол коюлгандыгын салтанаттык түрдө белгилөө үчүн тандалган, анын негизинде өкмөттөр аралык эл аралык ченемдердин жана салмактардын эл аралык уюму түзүлгөн. 1875-жылы Конвенцияга 17 (он жети) өлкө кол койгон. 1921-жылы Метр Конвенциясына өзгөртүүлөр киргизилген, жана азыркы учурда анын курамында 50гө жакын мамлекет-катышуучулар саналууда.

Учурашуу сөздөрү менен КРнын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Султан Ахматов, Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Алимбек Курманбаев, ЦПК жана ППК директору Алмаз Рысмендиев ж.б. чыгып сүйлөштү.

Тегерек столдун катышуучулары метрологиялык көзөмөлдөөнүн жана метрологиянын абалы жөнүндө; метролог адистерин даярдоо жөнүндө; жана КРнын саламаттык сактоо жаатында ченөө бирдиктеринин каражаттарынын абалы жөнүндө презентациялар менен таанышышты.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасында метрология жаатында жагдайды жакшыртуу, ченөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу системасын талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу