Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары баш болгон Кыргызстандын делегациясы Бажы союзуна катышуу боюнча Москва шаарындагы Евразия экономикалык комиссиясынын жумушчу тобунун отурумуна катышты.

Новости
17-Май 2012-ж.
2664


2012-жылдын 12-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасын Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна катышуу маселеси боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жумушчу тобунун отуруму болуп өттү, буга ЕЭКтин жооптуу кызматкерлери, Беларусиянын мамлекеттик структурасынын өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Россия Федерациясы катышты. Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Олег Панкратов жетектеди.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн ЕЭКтин Жумушчу тобунун жетекчиси болуп Интеграциянын жана макроэкономиканын негизги багыттар боюнча Коллегиянын мүчөсү Т.Д.Валовая дайындалды.
Май айында Интеграциянын жана макроэкономиканын негизги багыттар боюнча Коллегиянын мүчөсү, ЕЭКтин Жумушчу тобунун жетекчиси Т.Д.Валоваянын иш сапары пландалды, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кошулуу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ведомстволор аралык комиссиясы менен жолугушуу өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу