КРнын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде Экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Польша Өкмөттөр аралык комиссиянын 2-отурумун өткөрүүнүн даярдык маселелери талкууланды.

Новости
14-Май 2012-ж.
2950

""


Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде Статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманованын Польша Республикасынын Өзгөчө жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Я.Ключковский менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Казакстан Республикасында жана Кыргыз республикасында Польша Республикасынын Элчилигинин Соодага жана инвестицияларга көмөк көрсөтүү бөлүмүнүн начальниги, кеңешчи Анджей Стэфаньский, Казакстан Республикасында жана Кыргызстан Республикасында Польша Республикасынын Элчилигинин экинчи катчысы- Михал Хаброс дагы катышышты.

Жолугушууда тараптар 2012-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган КРнын Экономика жана монополияга каршы саясат министри төрага болгон Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык комиссиянын 2-отурумун өткөрүүгө даярдык маселелерин талкуулашты.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу