Ош шаарынын мэриясынын уюштуруусунда Ош шаарынын ишкерлери менен жыйын өткөрүлдү

Новости
04-Ноябрь 2018-ж.
5236

2018-жылдын 4-ноябрында Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын 2018-2020 жылдарга карата  кыска мөөнөттүү “Туруктуу өнүгүү багыты” өнүктүрүү программасы иштелип чыгып жалпы коомдук угууга коюлуп талкууланды. Программада негизги үч багыт белгиленген: 

1.    Экономикалык туруктуулук

2.    Коммуналдык-чарбалык инфрастртуктураны жакшыртуу

3.    Социалдык жактан өнүктүрүү.

Жалпы программаны каржылоого 73311,3 млн. сом акча каражаты жумшалат анын ичинен 514,6  3 млн. сом жергиликтүү бюджеттен 820,7 3 млн. сом республикалык бюджеттен, бөлүнөрү, ал эми 5976,0 3 млн. сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган жана Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында каралып бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун "2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы"  деп жарыяланган 2018-жылдын 9-февралындагы Жарлыгынын алкагында 2018-жылдын 6-декабрында Ош шаарынын мэриясынын  уюштуруусу менен Ош шаарынын ишкерлери менен жыйын өткөрүлдү. 

Жыйынга Ош  шаарынын мэри, вице-мэрлери жана аппараттын кызматкерлери,    “Легпром ассоциациясынын”,  ЖИА жана  ишкерлердин регионалдык кеңешинин өкүлдөрү, Ош шаарынын  мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана ишкерлерди өнүктүрүү боюнча агенттигинин адистери,  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Ош шаардык секторунун адистери,  мамлекеттик жана муниципиалдык ишканалардын кызматкерлери,  жана Ош шаарынын ишкерлери  катышты. 

Жыйындын башталышында Ош шаарынын мэри Т.Н. Сарыбашев  сөз сүйлөп, региондорду өнүктүрүү жылына карата Ош шаарында аткарылган иштери боюнча маалымат берилди. 

Жыйындын жүрүшүндө жер тууралуу көйгөйлүү маселелер каралды. Айрыкча ишкерлер Ош шаарында жайгашкан бош жерлерди мыйзам чегинде бөлүп берүү жагын суранышты, андан тышкары көрнөк - жарнак боюнча ачык тарификация, графиги, мөөнөтүн коюу боюнча   бирдей деңгээлге коюу маселеси каралды. Бизнес -пландарды түзүү боюнча бир топ маселелер талкууланды. 

“Келечек"  акционердик коому аркылуу атайын бизнес долбоор түзүлүп Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 3 млн. сом акча каражаты бөлүнүп  "Келечек" акционердик коомунун базасында  ХАССП системасына ылайык  эт комбинаттын 2018-жылдын 4-декабрында атайын ачылыш аземи болду. Кубаттуулугу күнүнө 100 башка чейин бодо мал, 150 башка чейин майда мал союуга мүмкүнчүлүгү бар. 70ке жакын жумушчу орун менен камсыз болот.

Андан тышкары 2018-жылдын 7-декбрында заманбап “Нурзаман Плаза  Глобус” соода-оюн- зоок боборунун ачылыш  аземи болуп өттү.    


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу