Борбордук Азиядагы Америка Университети жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жыл сайын өтүүчү экинчи студенттик экономикалык конференция өткөрүштү (ASEC-II).

Новости
03-Май 2012-ж.
3631

03.05.12. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Экономика Программасы Кумтөр Оперейтинг Компанинин демөөрчүлүгү алдында Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен биргеликте жыл сайын өтүүчү экинчи студенттик экономикалык конференциясын Региондун экономикасы: интеграциялык процесстер жана экономикалык өнүктүрүү” темасында өткөрүштү (ASEC-II).

""
Студенттик конференциянын максаты – экономика факультетинин активдүү студенттерине демилге берүү.
Бул конференцияда БААУнун Экономика Программасынын жетекчиси Зарлык Кеудабаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов, статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманова, Кумтөр Оперейтинг Компанинин төрагасы жана башкалар сүйлөштү.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча студенттердин эң жакшы иштеринин презентациясы болду: калктын жашоо деңгээлин өнүктүрүү; Бажы союзун түзүү; чет өлкөлүк түз инвестиция; миграция; соода.
Конференциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөр сыйланды, эң жакшы иштерге белектер берилди, ошондой эле конференциянын бардык катышуучулары атайын сертификаттарды алышты.

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу