Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги өлкөдөгү тоо – кен казууну өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселени талкуулашты.

Новости
04-Май 2012-ж.
3292

04.05.12.Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин кичи залында Кыргыз Республикасында тоо – кен казууну өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселени талкуулоо боюнча министрдин орун басары С. Муканбетовдун жана тоо-кен казуу өнөр жайынын адистеринин жана эксперттеринин кеңири катышуусу менен жумушчу жолугушу болуп өттү.

""
2012-жылдын 1-кварталы боюнча тоо – кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы тууралуу кыскача маалымат берилди. Тоо тармагын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлүү маселелери талкууланды: жаңыланган мыйзамдарды (жер, жер асты, салыктык эмес төлөмдөр жана башкалар) талдоо жана баалоо, инвесторлор үчүн позитивдер/тоскоолдуктар; кен казуу өнөр жайын реформалоодо өлкөнүн жана инвесторлордун кызыкчылык балансы; металлургия өндүрүшүндөгү өндүрүштүн азайышынан улам 2012-жылга компенсациялык чаралар.
Катышуучулар, азыркы учурда тоо тармагын жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдардын ченемдери мыйзамдык ченемдердин жаңы пакетинин кабыл алынышын күтүү менен иштебей жаткандыгын билдиришти.
Мыйзам долбоорлорду оперативдүү түрдө алдыга жылдыруу, билдирүүлөрдү жана иштин планын карап чыгуу боюнча ведомстволук комиссиянын ишин тездетүү жана башкалар боюнча сунуштар айтылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу