Кыргыз Республикасынын Экономика министри ТАР Өкүлү менен болгон жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.

Новости
10-Октябрь 2012-ж.
2637

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде КР Экономика министри Темир Сариевдин Түштүк-Африка Республикасынын Өзгөчө жана Толук ыйгарымдуу Өкүлү Шириш Манаклал Сони мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Талаптар эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү жана ошондой эле, кенди пайдалануу чөйрөсүндө эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну жөнгө салуу, тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү технологиялары жана алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу, жана ошондой эле көмүр кендерин иштетүү максаты менен ТАРна КРнын делегациясынын экономикалык визитин уюштуруу маселелерин талкуулашты.

ТАР Өкүлү Ш.М. Сони мырза Кыргызстанда Африка күнү жана Н.Мандель күнүн өткөрүлүшүн уюштурууну сунуштады, кызматташууну жөнгө салууга түз көмөк көрсөтө турган ТАР ведомстволору жөнүндө маалымат берди, алар: ТАР Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Минералдык технологиялар институту, анын негизги иш аракети жаңы технологияларды иштеп чыгууга багытталган; ТАР Соода жана өнөр жай министрлигине караштуу ЧӨИни колдоо боюнча кеңеш, аны менен Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду түзүүнү Өкүл Ш.М.Сони сунуштады; жана ошондой эле ТАР Соода-өнөр жай палатасы жана Соода жана инвестициялар боюнча агенттик.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу