Министр Т. Сариев бизнестин жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн түзүлүп жаткан ылайыктуу шарттар жөнүндө маалымдады.

Анализ цен
26-Май 2014-ж.
2229
"/"Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев үстүбүздөгү жылдын 24-майында Ысык-Көл облусун 2014-жылга курорттук сезонго даярдоо маселелери жана курорттук – ден соолукту чыңдоо мекемелердин ишин талкуулоо боюнча кеңири кеңешмеге катышты, ал КР Президентинин Башкармалыгынын Мамлекеттик ден соолукту чыңдоо бирикмеси “Аврора” санаторийинде болуп өттү.

Бул кеңешме 2013-2017-ж. КР Туруктуу өнүктүрүү стратегиясын аткаруу алкагында губернаторлордун, акимдердин, мамлекеттик органдардын, пансионаттардын, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрүнүн аймактык жетекчилеринин катышуусу менен болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө министр Т. Сариев бизнес үчүн жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшү үчүн түзүлүп жаткан ылайыктуу шарттар жөнүндө маалымдады.  Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык 2017-жылы  элдин жан башына жана бүтүн бойдон ИДПны 2 эсе жогорулатууну талап кылат.

Туристтик сезонго шарттарды түзүү үчүн транспорт министрине жок дегенде турсезондун башталышына чейин Балыкчы тарапка кеткен 30 км бүтө элек жол тилкесинин бир тарабын асфальттоо иштерин бүтүрүү сунушталды. Мындан сырткары «Датка-Кемин» ЛЭПтин бүтүшү күтүлүп жатат, аны ишке киргизгенден кийин мамлекеттин түндүгүн электр энергия менен камсыздоо маселеси жакшырат. Ысык-Көл көлүнүн айланасына айланма жолун куруу жөнүндө кызматташуу шарттары боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатат.

"/"Талкуулардын жүрүшүндө, министр Т. Сариев “көлдө жакшы кум жээк жок болсо, күнүнө 100 доллардык жолдомолорду сатып алып Новосибирск, Омск жана Астана шаарларынан келип эс алышпайт. Туристтер бул жака эмне үчүн келет? Алар сууга түшүп, эс алып, ден соолугун жакшыртууга келишет” деп айттып өттү. Министрдин сөзүнө караганда кум жээктер өзгөчө мамилени талап кылат. Элдин баарына кум жээктерин ачып коюу амалы дүйнөдө жок. Түркияда курорттук жерлерде атайын жергиликтүү эл үчүн жалпы элдик жээктер бар. Ал жака баары келишет, жергиликтүү органдар бул кум жээктерди жыйнашат.

Эгерде биз пансионаттарды “өтмө короо” кылып салсак, анда биз  эс алуучуларга кантип коопсуздугун камсыз кылабыз? Мындан тышкары кум жээктерди тазалоо сапаты төмөндөйт. Ошондуктан акимдер, айыл – өкмөттөр элге түшүндүрүшү зарыл.

Элдин кум жээгине келип эс алышына эч ким тыюу салбайт, бирок алар акчаларын калтырып кетүүнү каалаган адамдардын укугун сыйлашы зарыл. Мисалы, 100 миң турист орто эсеп менен Ысык-Көлдүн территориясында бир күндүк жашоосуна 20 млн. АКШ долларына чейин калтырышат. Албетте ушул акчалардын себебинен Ысык-Көлдүн өнүгүшү жана жергиликтүү элдин бейпилдиги камсыздалып жатат деп белгилеп өттү.

Министр талкуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди айтып өттү, МБК жана КР Соцфонду, жергиликтүү администрация  менен биргеликте өз ыктыяры менен чегерүүлөрдү бекитүү жөнүндө протоколду түзүп жана кол коюуну каалагандар үчүн аныкталган төлөмгө которуу боюнча комиссия түзүлөт. Бирок ошол эле учурда эч кимди зордошпойт. Ким протоколго же контрактка кол койбосо, аларды мыйзамга ылайык текшеришет.

Экология маселеси боюнча, Экотехинспекциянын жана Айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин эскертүүлөрүн 15-июнга чейин пансионаттардын жетекчилери тарабынан аткарылышы керек жана буга түшүнүү менен мамиле кылышы зарыл.

Көзмөлдөө функциялары бар мамлекеттик органдарга текшерүүлөрдүн санын азайтып, сапатын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизүү тапшырмасы берилиди.
Пансионаттардын жетекчилерине 15-июнга чейин экология маселеси боюнча эскертүүлөрдү жана көрсөтмөлөрдү аткаруу иштерин бүтүрүү тапшырылды. Бул талаптар аткарылбаган учурда бул пансионаттарды жабуу чечимдери кабыл алынат. Мындан сырткары бюджетке салыктарды төлөөдө жеке социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу сунушталды.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, министр, бардык маселелер дароо эле чечилбейт. Кээ бири жакшылап иштеп чыгууну, убакытты талап кылат. Бирок чечимди кийинкиге калтырууга болбой турган маселелер дароо чечилет деп белгиледи. 
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу