Ишкердүүлүк чөйрөсүндө бул же тигил ЧУАны иштеп чыгуу жана кабыл алуу этабындагы эффективдүү эмес чечимдерин ылгоо ЖСТАнын негизги ролу болуп саналат.

Анализ цен
15-Май 2013-ж.
2446
ЖСТА – бул ойлонулбаган жана ашык жөнгө салууларды алып салуу максатында көйгөй жана максаттарды жөнгө салууну аныктоо процессин, бул максаттарга жетүүнүн альтернативдерин тандоону көрсөтөт.
 
Биздин мамлекетте ЖСТА ны киргизүү процесси 2007-жылы ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин анализдөөнүн (ЖСТА) атайын Усулу бектилгенде  башталган.
 
Бул Усул ишкердиктин жана коомдун өнүгүүсүнө ченемдик укуктук актылардын (мындан ары ЧУА) жөнгө салуучу таасирине анализ жүргүзүүнүн жана жөнгө салуучу таасиринин натыйжаларын мониторингдөөнүн тартибин белгилейт.
 
ЖСТАнын максаты төмөндөгүлөргө бирдей мамиле орнотуу болуп эсептелет:
- ченемдик укуктук актыларды негиздөө;
- алдын-ала талдоо жүргүзүүгө;
- ченемдик укуктук актыны аткаруу менен байланышкан чыгымдарды жана болжолдонуп жаткан пайдаларды баалоого жана талкуулоого;
- ченемдик укуктук актыны колдонууга республикалык (жергиликтүү) бюджеттин чыгымдарын аныктоого;
- экономикага жана коомдук процесстерге күтүлүүчү натыйжаларды чагылдырууга;
- сунуш кылынып жаткан ченемдик укуктук актыда жөнгө салына турган маселелерди чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин кароого бирдиктүү ыкманы белгилөө болуп саналат.
 
Башка сөз менен, ЖСТА ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоорун кабыл алуу же четке кагуу зарылчылыгын аныктоо, ошондой эле ишкердик субъектиге анын тийгизе турган негизги таасирлерин (пайдаларын жана чыгымдарын) сандык жана сапаттык баалоого мүмкүндүк берет. Же болбосо, ЖСТАнын негизги ролу ишкердүүлүк чөйрөсүндө,  бул же тигил  ЧУАны иштеп чыгуу жана кабыл алуу этабындагы ойлонулбаган, эффективдүү эмес жана максатка ылайыктуу эмес чечимдерди ылгоодо, сунушталган мамлекеттик жөнгө салуунун  алдыга койгон максаттарга жетээрин, сунушталган мамлекеттик жөнгө салуу бизнес үчүн таасирин тийгизбөөсүн  жана жолтоо жаратпагандыгын баалоодо турат. ЖСТА-чарба ишин  жүргүзүүдө мамлекеттик кийлигишүүсүн азайта турган инструмент.
Ошодуктан ЖСТА жүргүзүү зарыл, бул жөнүндө бизнес ар бир жолугушууда айтып жана ЖСТАны өткөрүүдө  өзү активдүү катышып жатат.
 
ЖСТА-кызыкчылыктардын балансын орнотуу максатында чечиле турган маселелер, пайдалар, чыгымдар (чыгым-жыйынтык мамилелештиги)  көз караштары жактан,  көп аспектүү анализди жана тобокелдердин мүмкүн болгон альтернативаларын милдеттүү түрдө билүүнү жана бардык кызыктар болгон жактар, жөнгө салуу чечиминин таасирин эске алуусун  (мамлекет жана керектөөчүлөр, чарбачылык субъектилер-эң жалпы  түрүндө) көрсөтөт.
 
Функционалдуу түрдө ар кандай ишмердүүлүк иш аракетин жөнгө салуу маселелерин кароодо  ЖСТА процедурасынын маанилүүлүгүн түшүндүрүү,  ЖСТАны өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга методологиялык-консультациялык кызмат өткөрүү, ЖСТАны жайылтуу боюнча жалпы координация Экономика министрлигине бекитилген.
 
ЖСТА  АКШда, Улуубританияда, Австрияда, Германияда, Нидерландыда, Францияда, Италияда, Швецияда, Данияда, Финляндияда, Польшада, Венгрияда ар кандай вариацияда таратылганын белгилеп кетүү зарыл.
 
Акыркы жылдары даярдалган ЖСТАнын санынын көбөйүү көрүнүшү билинип турат, ал КР “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын  талабынын, бизнеске таасир берип иштеп жаткан ЧУА же ЧУА долбоорунун демилгесине ЖСТАны өткөрүүгө милдеттендирген ченеми менен түшүндүрүлөт.
 
Конкреттүү ЧУА долбооруна ЖСТАны Экономика министрлигинин сайтынан көрө аласыздар www.mineconom.kg  
 
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу