Бишкекте электрондук бизнес жана коммерция боюнча эл аралык конференция болот

Новости
29-Октябрь 2018-ж.
4776

2018-жылдын 1-2-ноябрында  «Хаятт Ридженси» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Бишкектеги ОБСЕнин программалык офиси менен биргеликте "Электрондук бизнес жана коммерция аркылуу экономикалык жактан гүлдөп өсүүгө көмөк көрсөтүү" эл аралык конференциясын өткөрөт.

 Бул конференция мамлекеттик да академиялык сектордун да өкүлдөрүнө багытталып Кыргыз Республикасынын гана эмес Борбордук Азия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Конференциянын катышуучуларынын болжолдуу саны 120 адамды түзөт. 

Конференциянын спикери бул тармакта бай тажрыйбага ээ болгон чет элдик өкүл болот жана бул конференциянын алкагында өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

 Конференциянын программасы 4 тематикалык сессияны камтыйт жана  анда 3 тема талкууга алынат.

 Конференциянын катышуучулары Өкмөттүн электрондук бизнес жана коммерция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дем берүүдөгү ролун талкуулайт. Ошондой эле күчтүү жана туруктуу электрондук бизнес жана электрондук коммерция түзүүдөгү алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү менен санариптик рыноктун коопсуздугун арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашат.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу