Министр О. Панкратов ЖЧК «Автомаш-радиатор» ишканасынын учурдагы абалы менен таанышты

Новости
27-Сентябрь 2018-ж.
2922

2018-жылдын 29-августунда экономика министри Олег Панкратов ЖЧК «Автомаш-радиатор» ишканасында болду.

Министр О.Панкратов ишканада болуу менен өндүрүштүн учурдагы абалы  жана көйгөйлөрү менен таанышты. Ишкана маалымдагандай, өндүрүлгөн продукциянын 90% экспорттолуу менен Белоруссия менен Россиянын заводдоруна комплектацияга жиберилет,  ошондой эле бардык  КМШ мамлекеттерине тетиктер чыгарылат. 

«Автомаш-радиатор» ЖЧКсы жылуулук алмаштыргычтар: аллюминий, сырье жана комплекттөөчүлөрдү өндүрүү үчүн үчүнчү өлкөдөн  (Кытай, ЕБ)  ЕАЭБге алынып келинген материалдар менен комплекттөөчүлөрдү пайдаланат. 

Таанышуунун жыйынтыгы боюнча экономика министри О.Панкратов өндүрүштүн мындан аркы өнүгүүсүнүн маанилүү экендигин белгилөө менен министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө көйгөйлүү маселелерди чечүүгө тиешелүү тапшырмаларды берди.  

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу