Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери жөнүндө

Новости
20-Сентябрь 2018-ж.
3091

2018-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Олег Панкратов менен Кристиан Жостун, ошондой эле миссиянын мүчөлөрү Юлия Теодор, Балаш Ксонто, Вэй Ши жана Дүйнөлүк валюта фондунун офисинин туруктуу төрагасы Яхья Саиддин катышуусунда Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен жолугушуу болуп өттү. 

 Бул миссиянын максаты Дүйнөлүк валюта фонду колдоого ала турган мүмкүн болуучу программаларды каржылоону талкуулоо. 

 Жолугушууда Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери талкуулануу менен Кеңейтилген кредиттик механизмдин (ЕКФ) алкагында(2015-2018)  Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери талкууга алынды. Министр  Кеңейтилген кредиттик механизм (ЕКФ)  программасында камтылган структуралык көрсөткүчтөрдүн бардыгы, техникалык себептер менен  аягына чыкпай жаткан жана учурда аяктап жаткан айрым көрсөткүчтөрдү кошпогондо,  аткарылганын белгилеп кетти.

Мындан тышкары, министр жаңы программаны талкуулоодо багыт ала турган өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү негизги чаралар жана милдеттер аныкталган  2018-2040 жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы  жана Өкмөттүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасы жөнүндө маалымат берди.    

 Министр кызматташуу боюнча жаңы программа толугу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын чагылдыруу менен экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берип структуралык реформаларды ишке ашыра тургандыгына ишеним арта тургандыгын билдирди.

 Өз кезегинде Эл аралык валюта фондунун миссиясынын өкүлдөрү өз максаттары жана миссиянын пландары жөнүндө айтып берүү менен  өздөрүн кызыктырган  суроолорду беришти. 

 Салыктык жеңилдиктер жана бошотуулар, натыйжалуу салыктык жеңилдиктерди талдоо маселеси, министрликтеги кайра уюштуруу сыяктуу маселелер да талкууга алынды. Министр ар бир суроого кеңири токтолуп толук маалымат берди. 

Эл аралык валюта фондунун миссиясынын  алкагында экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги боюнча мазмундуу талкуу жүргүзүү үчүн министрликтин кызматкерлери менен да жолугушат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу