Президенттин бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусунда козголгон көйгөйлөр Экономика министрлигинде талкууга алынды

Новости
19-Сентябрь 2018-ж.
2540

Ушул жылдын 18-сентябрында Экономика министрлигинде Сооронбай Жээнбековдун бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда козголгон маселелерди талкуулоого арналган жыйын болуп өттү. 

"Өлкө башчысы менен бизнесмендердин ортосундагы диалогдун алкагында көп көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алардын ичинен Экономика министрлигинин иш чөйрөсүнө жана ыйгарым укуктарына тиешелүүлөрүн  биз системалаштырып токтоосуз түрдө Президенттин аларды чечүү тууралуу тапшырмаларын аткарууга киришебиз" -деп билдирди Олег Панкратов. 

Президент менен жолугушууда   көтөрүлгөн  параллелдүү долбоорлоо маселеси  боюнча министр Панкратов, курулуш ченемдерин жөнгө салуу саясаты Кыргыз Республикасынын Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ыйгарым укуктарына киргенине карабастан Экономика министрлиги бул маселеде ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен өнөр жай объекттерине параллелдүү долбоорлоо үчүн мыйзамдык негизди иштеп чыгуусу зарыл экендигине токтолду. Олег Панкратов Президенттин бизнес-коомчулук менен жолугушуусунда Экономика министрлиги тарабынан региондордогу өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдик берүү маселеси боюнча чечим кабыл алууда кечиктирип жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөнүн белгилеп өттү.

"Бул токтом ушул мезгилге чейин кабыл алына элек. Маселени биринчи кезекте чечүү зарыл, ал эми тартип комиссиясы бул ишке жетекчилик кылган министрдин орун басарынын жоопкерчилигин карап чыгып тиешелүү чараларды көрүүсүн"  тапшырма берди. 

Мекеме жетекчиси ошону менен бирге Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жүргүзүүгө тоскоолдук кылган мыйзамдык өзгөртүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун ыкчам түрдө иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошону менен бирге токтомдун бекитилишин күтпөстөн бизнес-субъекттердин абалын начарлатууга алып келүүчү ченемдик-укуктук актыларды талдоо менен кайтарып алууну, анын ичинде сатуудан алына турган салыкты 2%дан 5% жогорулатуу боюнча сунушту кайтарып алуу тапшырмасын берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу