Кыргыз Республикасынын экономика министри Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенти менен мындан аркы өнөктөштүк стратегиясын талкуулашты

Новости
12-Июль 2018-ж.
2539

2018-жылдын 12-июлунда Экономика министрлигинде экономика министри О.Панкратов менен Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенти Алан Пиллдин, ошондой эле Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар 1993-жылдан берки Кыргызстан ЕБРРдин биргелешип иштөөсүндөгү оң тажрыйбаларды белгилөө менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы инвестициялардын катализатору катары да зор мааниге ээ экенине токтолушту. Учурда банк жалпы суммасы 700 млн.евро суммасындагы 170 долбоорду ишке ашырды.

Ошондой эле жолугушууда республиканын шаарларындагы Ошэлектро, Востокэлектро, Жалал-Абадэлектро сыяктуу электрэнергия тармагындагы министрликтер менен ведомстволордун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган долбоорлор жөнүндө талкуу жүрдү.

Пиллу мырза банктын Үч-Коргон ГЭСин оңдоп түзөтүүгө калыбына келтирүүгө салым кошууга даяр экендигин билдирди. Министр О. Панкратов 2019-жылы Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электрэнергиялык рыногу түзүлүүгө тийиш экендигин белгилеп өттү.

Пиллу мырза Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Министр О.Панкратов бул демилге жогоруда аталган банктардын ортосунда кызматташууга болгон атаандаштыкты жогорулатууга жардам бере тургандыгын белгилеп кетүү менен бул маселени РКӨФтүн кеңешине алып чыга тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, "Манас" аэропортун өнүктүрүү боюнча долбоор талкууланды. 2018-жылдын февралында ЕБРР менен болгон жолугушууда Президенттин суранычына ылайык банк 2018-жылдын июнунда аэропорт инфраструктурасынын мамлекеттик операторунун өнүгүүсүн SWOT талдоону ишке киргизди (артыкчылыктары менен кемчиликтерин же күчтүү жана алсыз жактарын талдоо). Бул отчет 2018-жылдын августуна даяр болот, андан кийин Аэропортту МЖӨ алкагында өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алынат.

Ошондой эле Президент тарабынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарындагы ирригация инфраструктураларын модернизациялоого тиешелүү демилге көтөрүлгөн. 2018-жылдын апрелинде ЕБРР долбоор боюнча эл аралык консультанттарды жалдап техникалык-экономикалык изилдөө жүргүзүүгө киришти. Долбоордун жалпы суммасы 86 млн.еврону түзөт анын ичинде кредитке 50 млн.евро жана 36 млн.евро грант.

Министр банктын жеке сектордун атаандаштык жөндөмүн арттырууга кошкон чоң салымын, ошондой өлкөдө инвестициясына ири түрткү берип жаткандыгын белгилеп өттү.

Ошентип, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы орто жана чакан ишкерликке негизги көңүлдү буруу менен инвестициялык климатты жакшыртуу жана финансылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга олуттуу көңүл буруп келет. Бул милдеттер толугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана экономика министрлигинин бир катар милдеттери менен шайкеш келет.

Мындан тышкары, мырза Н.Маккейн, ушул жылдын сентябрында Кыргыз Республикасы менен ЕБРРнын ортосундагы кийинки беш жылдыкка Стратегияны иштеп чыгуу башталат. Министр О.Панкратов өз кезегинде бул документти иштеп чыгууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы Кыргыз Республикасы менен ЕБРРнын ортосундагы ийгиликтүү кызматташууга үмүт артаарын билдирди, ошондой эле Пиллу Кыргыз Республикасындагы ЕБРРдин башкаруучусу катары О. Панкратовду 14-ноябрда Пекинде боло турган Борбордук Азиянын инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу