Бишкекте зергерчилик тармагын жөнгө салуу реформасы боюнча тегерек стол болуп өтөт

Новости
16-Июль 2018-ж.
2427

2018-жылдын 18-июлунда 9:30 да Бишкек шаарында Парк отелде "Зергерчилик секторунда жөнгө салуу реформасы боюнча Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жана бизнестин үмүттөрү" деген темада тегерек стол болуп өтөт.

Бул тегерек столдо Кыргыз Республикасынын экономика министри О. Панкратовдун, ЖКнын депутаттарынын, ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисинин жетекчисинин орун басары В.Кивердин, "Биз Эксперт" АЦнын жетекчиси У.Кыдырбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинин өкүлдөрү, "ЕАЭБдин зергерлер ассоциациясы", "Кыргыз Республикасынын зергерлер жана ишкерлер союзу", Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, КРУБ, Соода өнөр-жай палатасынын катышуусу күтүлүүдө.

2014-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ОБСЕнин колдоосу алдында "Жөнгө салуучу таасирин системалуу талдоо" долбоорун ишке киргизилип, эксперттер тарабынан ишкер чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды талдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөн.

Инвентаризациядан өткөн 70 миңден ашык ЧУАнын ичинен ишкер чөйрөнү жөнгө салуучу 1068 ЧУА ачыкталды. 2 миңге жакын административдик жол-жобого талдоо жүргүзүлдү. Долбоордун эксперттери тарабынан бардык ЧУАларга жана административдик жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган, күчүн жоготту деп таанууну караган так сунуштар иштелип чыкты.

2018-жылдын майынан тарта Бишкектеги ОБСЕнин программалык офиси "Биз эксперт" аналитикалык борбору менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин колдоосу астында кабыл алынган чечимдердин жана алардын багыттары боюнча аткарылышына мониторинг жүргүзүү механизмин ишке киргизди. Мындай багыттардын бири зергерчилик тармагы болду.

КР Финансы министрлиги менен биргеликте 39 ЧУАга талдоо жүргүзүлүп анын ичинен 14 ЧУА зергерчилик тармагын жөнгө сала тургандыгы белгилүү болду. Кызыкдар тараптар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп өттү. Натыйжада 9 ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп жана 5 ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү сунушу берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу