"Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Новости
03-Май 2018-ж.
2324

Ушул жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюм жана Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коому (GIZ) "Борбордук Азиядагы инвестиция жана атаандаштык - II Фазанын" алкагында агробизнес сектору үчүн финансылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жаатындагы реформалар менен байланышкан сунуштар иштелип чыкты. Ушундай сунуштардын бири Кыргыз Республикасында кампа күбөлүктөрүн күрөөгө коюу менен финансылоо системасын ишке киргизүү болду, анткени каржылоонун эл аралык тажрыйбасына ылайык кампа күбөлүгүн күрөөгө коюу айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстарды алуу үчүн оптималдуу кошумча мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Аталган сунуштун алкагында "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Бул Мыйзам жаңы финансылык инструментти киргизүү максатында иштелип чыкты, ал айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген ишкер субъекттерге атайын товардык кампанын ээси тарабынан бериле турган кампа күбөлүгүн пайдалануу аркылуу акча кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган мүмкүнчүлүк берет.

Бул Мыйзам кош кампа күбөлүгүн берүү, жүгүртүү жана жоюу менен байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салууну карайт, ошону менен бирге продукцияларды сактоого кабыл алуучу товардык кампалардын, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүнүн кармоочуларынын жана ыйгарым укуктуу органдардын укуктары менен милдеттерин жөнгө салат.

Мындан тышкары Мыйзам менен иши жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүүгө багытталган товардык кампаларды жөнгө салуу механизмдери каралган. Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы финансылык инструментти киргизүүнүн маанилүүлүгүн эске алып Мыйзам үч айдын аралыгында-максималдуу кыска мөөнөттө каралып кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу