Экономика министрлиги менен бишкектеги ОБСе борборунун ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Новости
17-Май 2018-ж.
2308

Ушул жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов менен ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин жетекчиси элчи Пьер Фон Аркс жолугушту.

Европанын коопсуздук жана кызматташуу боюнча Бишкектеги борборуна Кыргыз Республикасындагы экономикалык реформаларды жүргүзүүдө көрсөткөн жардамы үчүн, атап айтканда ишкердик ишти жөнгө салуучу миңден ашык ченемдик укуктук актыларды, административдик жол-жоболорду талдоого алуунун алкагында "Жөнгө салуунун системалык анализи" долбоорун ишке ашырууда көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип кетти.

Министр О.Панкратов долбоордун алкагында 500 ченемдик укуктук актыга сунуштар пакети киргизилгендигин, аны ишке ашыруу менен түрдүү коллизиялар, ЧУАлардагы кайталоолор менен карама-каршылыктарды жоюу боюнча чечкиндүү чаралар кабыл алынгандыгы, ачык жана түшүнүктүү мыйзамдар түзүлгөндүгүн белгилеп кетти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын инклюзивдик "жашыл" экономикага өтүү, Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Бишкектеги ОБСЕнин борборунун ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Элчи Пьер фон Аркс Бишкектеги ОБСенин борборунун иши жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 4 шаарынын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселелери, Ош шаарындагы ишкерлерди колдоо борбору жана ушундай эле борборлорду башка шаарларда ачууну жана уюштурууну Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен биргеликте ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди.

Тараптар мындан ары өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин жана жүргүзүлүп жаткан иште колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу