Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө

Новости
16-Май 2018-ж.
2279

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтом долбоорун демилгелеп чыкты.

Мамлекеттик ишканалардын иштөөсү, кайра уюштурулуусу жана жоюлушу жана түзүлүүсү үчүн бирдиктүү ченемдерди белгилөө жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтом долбоору иштелип чыкты.

Тажрыйба көрсөткөндөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана тармактык мамлекеттик органдардын жана функцияларынын жана жоопкерчилигинин так эместигинен колдонуудагы мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасы оң жыйынтыктарды алып келе алган жок.

Ушуга байланыштуу токтом долбоору менен тармактык мамлекеттик органдар менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун функциялары так ажыратылат. Ошентип мамлекеттик тармактык орган жетекчиликке алган тармактык маселеси боюнча жалпы жетекчиликке алуу, координациялоо жана стратегиялык пландоону жүргүзүү укугуна ээ болот. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иштерин жана ага бекитилген мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланылуусун контролдоо укугуна ээ болот.

Ошондой эле долбоор менен мамлекеттик ишкананын орто мөөнөттүү стратегиялык өнүгүү планын жана анын негизинде түзүлүүчү жылдык бюджетти иштеп чыгып бекитүүнүн милдеттүү тажрыйбасын киргизүү каралууда. Долбоордо мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишине контролду күчөтүү чаралары каралган. Мындан тышкары токтом долбоору мамлекеттик ишканалардын ишинин жылдык отчетун ачык түрдө милдеттүү түрдө жайгаштыруу талаптарын белгилейт.

Учурда токтом долбоору министрликтер менен ведомстволор менен макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу