Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш болуп кала берет

Новости
02-Апрель 2018-ж.
2740

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Артем Новиков Азия Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Министр АӨБдүн вице-президентине кызматташуусу жана Кыргыз Республикасына көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган Жарлыкка кол коюлгандыгын белгилей кетким келет, жана биздин негизги милдетибиз-бул өлкөдөгү региондорду өнүктүрүү. Андан кийинки приоритеттүү багыт бул "Таза коом" санариптик трансформациялоо улуттук программасы, ошондой эле артыкчылыктуу багыт бул экспорттук потенциалды арттыруу жана жергиликтүү продукцияны экспорттоо болуп саналат" -деп билдирди министр Артем Новиков.

Мындан тышкары Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелер талкууга алынды. "Азия өнүктүрүү банкынын 2017-жылда активдүү катышуусу астында Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча кластердик программанын финалдык фазасы ийгиликтүү аяктады. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүлдү-деп билдирди министр.

Министр Артем Новиков инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реформаны жана улуттук экономиканы диверсификациялоо боюнча реформаны улантууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Ч. Вэньцай мырза Кыргыз Республикасындагы реформаларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. "Биз көп багыттарда инвестициялык климатты жакшыртуу, улуттук экономиканы диверсификациялоо, боюнча реформалар боюнча башталып жаткан иштерге жардам берүүгө даярбыз, Экономика министрлиги Кыргыз Республикасында биздин долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү өнөктөш экендигин белгилей кетебиз" - деп билдирди.

Жолугушууда 2023-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын иштеп чыгууда АӨБгө техникалык көмөк көрсөтүүгө бөлүндү, анда 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү улуттук стратегиянын негизги приоритеттери чагылдырылган.

Сөзүнүн аягында министр А.Новиков өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү менен Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш болуп кала бере тургандыгын баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу