Кыргызстанда биринчи жолу товарларды чыгаруу убактысын изилдөө жүргүзүлдү

Новости
01-Апрель 2018-ж.
2219

Товарлардын импортун, транзитин жана экспортун жөнгө салуучу бажылык жана башка жол-жоболорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу жана соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча ДСУ Макулдашуусуна ылайык өз милдеттерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы товарларды чыгаруу мезгилине изилдөө жүргүздү.

Чыгаруу мезгилин изилдөө (Дүйнөлүк соода уюму бекиткен методика боюнча) бажы жана башка контролдоочу органдардын товарлардын импортун, экспортун жана транзитин чыгаруу мезгилин өлчөөгө жана аны кармап туруучу себептерди ачыкка чыгарууга зарыл.

Изилдөө 2018-жылдын 14-28-мартынын аралыгында изилдөө жүргүзүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен чек арадагы "Торугарт", Өзбекстан менен чек арадагы "Достук", жана Тажикстан менен чек арадагы "Кызыл-Бел" өткөрмө пункттарында жана тиешелүү ички терминалдарда жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы өткөрмө пункттарында жана бажы тариздөө жайларында тиешелүү жол-жоболорду оптималдаштыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгууга ТЭИнин катышуучуларынын кетирген убактыларын кыскартууга жол ачуу менен тышкы экономикалык иштерди ишке ашырууда жагымдуу шарт жаратат.

Эл аралык финансылык корпорациянын Борбордук Азиядагы соода логистикасы боюнча корпорациясынын (IFC) жана Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун долбоору (GIZ) менен бул изилдөө колдоого алынган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу