Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу боюнча Евразия жумалыгынын программасы жөнүндө

Новости
24-Ноябрь 2016-ж.
2153

2016-жылдын 22-26- ноябрында Франциянын Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун программасынын Евразия жумалыгынын алкагында атаандаштыкты арттырууга багытталган реформаларды жүргүзүүнүн аяктоочу бөлүгү болуп өттү анда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбеков катышты.

Бул тааныштыруу Кыргыз Республикасынын делегациясы тарабынан, туруктуу өнүгүү боюнча GIZ программасынын колдоосу аркылуу өлкөнүн Вице-премьер-министри Олег Панкратовдун жетекчилиги астында Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдарынын эксперттери жана кеңешчилеринин жетектөөсү менен өттү.

Делегациянын курамында Экономика министрлигинин орун басары Данияр Иманалиев Кыргыз тарабынын негизги докладчысы катары, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти М. Акиев, ошондой эле ЖИА бизнес-ассоциациянын төрагасы Умбриель Темиралиев бар.

Бул обзордун алкагында Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкерликте атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган реформаларды жүргүзүү натыйжалары каралган. Тактап айтканда, алар 2013-жылды Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдары менен бирге тандалып алынган экономикалык саясаттын үч приоритеттүү багытына тиешелүү.

Вице-премьер- министр О. Панкратов өз сөзүндө атаандаштык мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн, айрыкча региондо жүрүп жаткан жаңы интеграциялык процесстер анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу мааниси жөнүндө белгилей кетти.

Мындан тышкары, Вице-премьер –министр О. Панкратов Кыргыз Республикасынын Евразия мамлекеттеринин атаандаштыкты жогорулатуу боюнча Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү программасынын алкагында тең төрага катары катышууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошону менен бирге, бул иш-чаранын алкагында Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жана ЖИА өкүлү менен биргеликте Франциянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ассоциациялар жана компания өкүлдөрү менен жолугушту.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия мамлекеттери боюнча экономикалык департаментинин директорунун орун басары Николас де Лакосте, ошондой эле Франциянын (МЕДЕФ) бирден бир ишкерлер жана бизнес ассоциацияларынын башкы менеджери Богдан Гадене менен жолугушуунун жүрүшүндө француз компанияларын жана инвесторлорун Кыргыз Республикасынын долбоорлоруна тартуу боюнча мындан аркы жасала турган кадамдар боюнча талкуу жүрдү. Тактап айтканда, Инвестиция агенттиги менен МЕДЕФтин ортосундагы меморандумга кол коюу, ошондой эле МЕДЕФтин мүчөлөрү үчүн Кыргызстандагы приоритеттүү делген тармактарда потенциалдуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү талкууланды.

Ошондой эле Агенттиктин директорунун бул визитинин алкагында B2B форматында эки тараптуу жолугушуулар болуп анда төмөнкү 12 компания катышты:

- BNP PARIBAS” (DominiqueMenu, Country Head CIB Ukraine and Kazakhstan)

- Vimpelcom” (Andrew Chakhoyan, Director Corporate & Regulatory Affairs)

- Antea France” (Tatiana De Lizaso, International Director)

- SERVAIR” (Bogdan Obraz, International development project manager)

- UEAPME” (Christian Gessl, Key expert on Policy)

- ADIT” (Tiphaine Hue, Analyst)

- DV CONSEIL” (Denis Verret, Chairman)

- Boston Consulting group” (Jan Dirk Waiboer, Senior Business Lead Eurasia)

- Federation of German Industries” (Eduard Kinsbruner, Regional Director Central Asia)

- ВосточныйкомитетГерманскойЭкономики”

- ADP Ingenierie” (Alexandre De Saint Phalle, Business Manager Europe

- AIRBUS”

- AccionaInfrastructuras”

Бул жолугушуулардын жыйынытыгы боюнча Кыргыз Республикасынын компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана инвестициялоо боюнча мүмкүнчүлүктү терең изилдөө үчүн айрым компаниялардын Кыргызстанга боло турган визити күтүлүүдө

Маалымат үчүн:

Экономикалык кызматташуу уюму жана ЭКӨУ

ЭКӨУ мамлекеттер биргеликте глобалдуу экономикалык, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачуучу уникалдуу аянтча болуп эсептелет. ЭКӨУ корпоративдик башкаруу, маалыматтык экономика жана калктын демографиялык картаюусу сыяктуу тармактардагы көйгөйлөрдү жана жаңы тенденцияларды түшүнүүгө аракет кылып, бийликтерге тиешелүү чараларды иштеп чыгуу үчүн жардам берет. Ал мамлекеттерге тажрыйба менен бөлүшүүгө, жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табууга иштөөнүн тиешелүү ыкмаларын табууга жана ички жана тышкы саясатты координациялоого мүмкүнчүлүк берет.

ЭКӨУгө мүчө-мамлекеттер: Австралия, Австрия, Бельгия, Великобритания, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Израиль, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Корея, Латвия, Люксембург, Мексика, Нидерланды, Новая Зеландия, Норвегия, Польша, Португалия, Словацкая Республика, Словения, США, Турция, Финляндия, Франция, Чешская Республика, Чили, Швейцария, Швеция, Эстония и Япония. ЭКӨУнүн ишине Европа биримдиги катышат. www.oecd.org.

Евразия өлкөлөрүндө атаандаштыкты арттыруу боюнча ЭКӨУ программасы

Евразия өлкөлөрүндө атаандаштыкты арттыруу боюнча ЭКӨУ программасы 2008-жылы башталган. Ал эки аймакта Борбордук Азия (Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан и Өзбекстан),менен Чыгыш Европа жана Закавказьеде (Азербайджан, Армения, Беларусь, Грузия, Республика Молдова и Украина) экономикалык реформаларды жүргүзүүнү тездетүүгө жана ишкер климатты жакшыртууга, экономикалык туруктуу өсүүнү камсыз кылууга арналган.

Бул программа эл аралык мамилелер боюнча Катчылыктын ЭКӨУнү кеңейтүү стратегиясынын максаттарына жооп берет. www.oecd.org/globalrelations/eurasia.htm

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу