Евразия интеграциясынын алкагында алынган сабактар, чакырыктар, негизги натыйжалар

Новости
23-Ноябрь 2016-ж.
2042

Бул жөнүндө экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграциялануусундагы адаптациялануу мезгилиндеги тобокелдиктерди жумшартуу жана мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү боюнча долбоорунун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюштурган ЕАЭБ эркиндигинин төрт деңгээли: товарларды, жумушчу күчүн, кызмат көрсөтүү жана капиталдын кыймылы. Тажрыйбалар жана алынган сабактар” практикалык конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк соода жүргүзүүнүн жарымынан көп көлөмү түзүлүп жаткан интеграциялык блоктордун алкагында жүргүзүлөт.

Интеграция атаандаштык күрөштү күчөтүп, натыйжасыз өндүрүүчүлөрдү сүрүп чыгарат, ошону менен экономикалык өсүүнү жөнгө салып, өлкөгө капиталдын келип кирүүсүн күчөтөт. Тарифтик тоскоолдуктарды жоюу менен рыноктор кеңейип ишкер активдүүлүктүн өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Мындай жаңы перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр бир катар көз карандысыз мамлекеттерди интеграциялоо процессине кирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Азыркы глобалдык дүйнөдө 200 дөн ашык интеграциялык моделдер бар анын ичинен 20-дан ашык ири бирикмелер жер шарынын бардык континенттерин камтып турат.

Кандайдыр бир интеграциялык бирикмелерге кирбеген мамлекеттер жалгыз-аутсайдер” болуу менен өзүнүн экономикалык да саясий жактан биримдикте турган мамлекеттерден аракеттерине туруштук берүүсү татаал.

Жалпысынан Евразия экономикалык биримдигин түзүү маселеси 1995-жылы башталган, ал мезгилде Россия, Казакстан, Беларус Бажы биримдиги жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. Кыргызстан бул макулдашууга 1996-жылдын мартында кошулган . 2007-жылы үч мамлекет тарабынан Россия, Беларус, Казакстан бажы биримдигинин укуктук базасын түзүүнү баштаган, бул макулдашуу 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген.

Ал эми 2014-жылдын 29-майында Бажы биримдигинин мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ал 2015-жылдын 1-январынан баштап иштей баштады.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн негизги шарттары

Кыргызстан ЕАЭБге өлкө үчүн пайдалуу шартта кошула алды. Төмөнкүдөй келишимдерге жетишилди:

1) Кошулган күндөн баштап бажы контролун алып салуу жана андан ары чек арадан санитардык жана фитосанитардык контролду алып салуу.

2) ЕАЭБдин жаңы шарттарына адаптациялануу мезгилинде колдоо үчүн Кыргыз –Россия Өнүктүрүү фондун түзүү.

3) ЕАЭБ келишимдеринин бир нече жоболорун аткаруу үчүн өткөөл мезгилде биздин шарттар кабыл алынды, анын ичинде техникалык жөнгө салуу маселелери да бар.

4) Россия менен Казакстан тарабынан бажы бекеттерин, ветеринардык, фитосанитардык, санитардык жана башка лабораториялар үчүн жабдууларды алууга жардам берүү үчүн келишимдерге жетишилди.

5) Бизге ички рынокто өндүрүү жана керектөө үчүн зарыл болгон бир катар товарлар үчүн жеңилдиктер берилди.

6) бажы алымдарын бөлүштүрүүдөгү биздин үлүшүбүз 1,9% түздү, ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасы менен бирдей Армениянын үлүшү 1,11 %.

7) Биз инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор үчүн алымдардан бошотулдук.

8) ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинен биз менен макулдашуу аркылуу 116 товардык позиция боюнча убактылуу алып салуулардын тизмеси бекитилди.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык биригүүнүн максаты- катышуучу мамлекеттердин ортосунда төрт эркиндикти” камсыз кылуу : товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүнүн жана жумушчу күчүнүн жүгүртүлүүсү.

Кыргызстан беш мамлекеттин ичинен эң акыркы болуп бул биримдикке мүчө болду. 2015-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө Келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирди.

Кыргызстандын ЕАЭБге интеграциялануу жылынын негизги натыйжалары

1. ЕАЭБдин башка катышуучулары менен ЕАЭБ органдарында бир укукка ээ болуусу.

2. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунан кийин кыргыз-казак чек арасында бажы процедураларынын алынып салынышы.

3. Манас”, Ош”, Торугарт”, Иркештам” өткөрмө пункттары жабдуу менен камсыз болду.

4. 4.7 ветеринардык контролдук пункттар Торугарт”, Иркештам”, Достук”, Кызыл Бел”, Кара-суу” Манас” аэропорту, Ош” аэропорту жабдылды.

5. 2015-жылдын 18-ноябрында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында фитосанитардык контрол алып салынды.

6. Кыргызстандын 30 аккредиттелген лабораториясы жана сертификаттоо боюнча 6 орган ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилди, алар Биримдиктин бардык аймагында бирдей баага ээ документ беришет.

7. 18-кыргыз мекемелери Реестрге киргизилди, ал аркылуу ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин аймагында өндүрүүнү жана жеткирүүнү ишке ашыра алат(бул сүт продукциясы боюнча 12-мекеме, балык продукциясы боюнча-3, 2-бал, 1-эт продукциясы)

8. 2016-жылдын июнунда 2020-жылга чейинки аралыкка Улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясы бекитилди, ал ЕАЭБ де республиканын толук укуктуу мүчөлүгүнүн алкагындагы негизги принциптерди аныктайт.

9. 2016-жылдын 5-февралынан Кыргызстан менен Казакстандын бажы органдарынын ортосунда Казакстандын аймагында кыргыз жүк ташуучуларына бажылык коштоону алып салуу маселелри боюнча келишимге жетишилди.

10. ЕАЭБдин алкагында, массалык суроо талапка ээ болгон товарлардын кеңири ассортиментине болгон коопсуздук талаптарын белгилөөчү ЕАЭБдин 35 техникалык регламент кабыл алынды.

11. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү эмгек мигранттарына жагымдуу шарт түзүлүүгө себеп болду.

12. Өнөр жай агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагында 2016-жылда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча иш чаралардын планын ишке ашыруу белгиленген.

13. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана өндүрүү жаатында мүчө-мамлекеттердин саясатын макулдашууга багытталган документтерди иштеп чыгуу пландаштырылган.

14. Биримдикке кирген мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташуу потенциалын өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн, Биримдик кызматташуу алкагын кеңейтет, тагыраагы, 5-октябрда ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жүргүзүү жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлду.

15. ЕАЭБдин алкагында Кытай менен соода-экономикалык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

16. ДСУнун алкагында да биздин милдеттенмелерди бир калыпка келтирүү боюнча иш алып баруудабыз. ДСУ менен рынокко жеткиликтүүлүк боюнча кайрадан сүйлөшүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул жерде да биз, Кыргыз Республикасынын импорттук тарифтеринин өзгөрүүсү менен байланышкан компенсация берүү боюнча, биримдиктин мүчөлөрүнүн колдоосуна ишенебиз.

Эң башкы белгилеп айта кетчү нерсе Россия Федерациясы менен Казакстан тарабынан ЕАЭБге интеграциялануунун өтмө этабында финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге жетишилди.

2015-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Россия фонду түзүлүп, «РСК Банк» жана «Айыл банк» аркылуу 3 миллион долларга чейин ишкерлерге насыя берүүгө киришти, учурда «Кыргызстан» жана «БТА Банк” аркылуу да насыя берүү боюнча иш алып барылууда.

Жыйынтыгында азыркы учурда Фонд тарабынан каржылоо үчүн 505 долбоор жактырылган, берилгендерди кошо эсептегенде 144,4 млн. АКШ доллары суммасында каржыланат.

Кант заводдору үчүн бөлүнгөн каражаттарга 2008-жылдан бери инвестиция жоктугуна байланыштуу иштебей токтоп калган Кошой” кант заводунун ишканаларын калыбына келтирүү жана өндүрүштүн негизги бөлүгүн модернизациялоо каралган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу