ЕАЭБ мамлекеттеринде балчылык импортун камсыз кылуу жана продукциянын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу жөнүндө

Новости
27-Октябрь 2016-ж.
2030

2016-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитация борборунда Герман физика-техникалык институтунун колдоо долбоорунун алкагында Кыргыз балчылар биримдиги” биримдигинин директорунун, Айыл чарба министрлигинин, Экономика министрлигинин, Ветеринардык диагностика жана экспертиза республикалык борборунун, Стандартташтыруу жана метрология борборунун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун Бишкектеги сыноо борборунун тамак аш жана айыл чарба продукцияларын стандартташтыруу борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине жана андан тышкары балчылык продукцияларын импорттоо жана анын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу боюнча тренинг болуп өттү.

Тренингде балды ЕАЭБ мамлекеттерине жана андан сыртка экспорттоодогу пайда болуучу маселеле, көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон иш чараларды кабыл алуу менен талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан тышкары балды экспорттоого шарт түзүү үчүн алдын ала иш чаралар каралды.

Мындан тышкары, балды экспорттоо боюнча көйгөйлүү маселелерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү чечилди, анын курамына сапаттын улуттук инфраструктурасынын өкүлдөрү, Кыргыз балчылар биримдиги”, ЭМ, Айыл чарба министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын өкүлдөрү кирет.

Тренингдин жыйынтыгы боюнча тренингдин катышуучуларына кайра байланышуу максатында, семинардын материалдары жана протокол жөнөтүлгөн. Кезектеги жолугушуу 25-ноябрга пландаштырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу