Өкмөт аралык комиссиянын алкагында кыргыз-свердловск мамилелеринин активдешүүсү жөнүндө

Новости
26-Октябрь 2016-ж.
1875

2016-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштары министри Андрей Соболевдин жетекчилигиндеги делегация менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун олуттуу маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары Д. Иманалиев 2016-жылдын 27-октябрында боло турган кыргыз-свердлов өкмөт аралык комиссиясынын үчүнчү жыйынын өтүүсүнүн маанилүү экендигин, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча бизнес форумдун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Кыргыз тараптын текстиль жана айыл-чарба продукциясын Свердлов облусуна сатуу мүмкүнчүлүктөрү жана кызыгуусу, Кыргыз Республикасынын курорттук -ден-соолукту чыңдоо туризминдеги мүмкүнчүлүктөрү жана республикада ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлору жөнүндө маалымат берди.

Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри А.Соболев энергомашина куруу, курулуш, терең тоңдуруу менен логистикалык борборлорду куруу, медициналык препараттарды сатуу жана фармацевтика чөйрөсүндө маалыматтар жана тажрыйба алмашуу, Свердлов облусуна медициналык туризм (кардиология, онкология, жогорку технологиялуу медициналык жардам ж.б) боюнча эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди.

Тараптар Кыргызстандын темир жол куруу чөйрөсүндөгү керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп үйрөнүүнү жана өндүрүш кооперациясын жөнгө салуу боюнча макулдашышты.

Сведлов тарап жабдууларды сертификаттоо, логистикалык маселелерди чечүү жана тажрыйбалуу иштетүүчүлөргө продукция жеткирүү боюнча көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Министрдин орун басары Д.Иманалиев сведловдук кесиптештерине эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү максатында жолугушуу жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргыз-сведлов мамилелери мындан ары жемиштүү өнүгүүсүнө ишеним артты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу