«Кепилдик фонду» ААК менен өнөктөш банктардын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
27-Октябрь 2016-ж.
1990

2016-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинде «Кепилдик фонду» ААК менен өнөктөш банктардын, Азия банкы жана Кыргызстан коммерциялык банкынын ортосундагы макулдашууга кол коюлду.

Ошондой эле «Кепилдик фонду» ААК менен «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын» кызматташуусу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

«Кепилдик фонду» ААК Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-июнундагы №288-р Кепилдик фонду” ААК түзүү жөнүндө” буйругунун негизинде түзүлгөн. Учурда Фонддун капиталы 72 млн.сомду түзөт, каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ошону менен бирге, Инвестициялык климатты жакшыртуу -2 -подпрограмма” программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынан 3 млн. АКШ доллары түрүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн. Натыйжада Кепилдик фонду” ААКтын капиталы 280 млн.сомду түзгөн.

2015-жылдын жыйынтыгы менен чакан жана орто бизнестин салыштырма салмагы ИДПнын жалпы көлөмүнүн 40,5 % түзүп, чакан жана орто бизнеске жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошо алды.

Ошону менен бирге чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти арзан берилчү каражатка жеткиликтүүлүк болуп эсептелет.

Бирок, күрөөгө коюла турган (банктык маалыматтар боюнча 40-50% карыз алуучулар талап кылынган сумманы ала алышпайт) мүлктүн жетишсиздигинен, ошондой эле аймактарда кыймылсыз мүлк рыногунун өнүкпөгөндүгүнөн орто жана чакан бизнес үчүн айрыкча аймактарда, насыя алуу кыйынчылык жаратат.

Албетте бул көрүнүш экономика менен ишкерликтин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Фонддун ишинин максаты орто жана чакан ишкерликке каржы булагына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп эсептелет.

Фонддун негизги милдеттери болуп:

-Чакан жана орто бизнести насыя менен камсыз тутумун өнүктүрүү;

-Орто жана чакан бизнестин насыяга болгон керектөөлөрүн максималдуу түрдө канааттандыруу жана аларды колдоо, анын ичинде Start-up;

-Чакан жана орто бизнес субъекттеринин туруктуулугун арттыруу;

- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, сатуунун

деңгээлин көтөрүү, бюджеттик салыктарды жогорулатуу;

-жаңы жумушчу орундарды түзүү жана колдоо;

Чакан жана орто бизнес үчүн бизнес жүргүзүү багытында финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;

Кепилдик алуу үчүн ишкерлер алгач «КФ» менен өнөктөш банкказарыл болгон насыянын суммасын алуу үчүн кайрылышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу