Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин ички рыногунда иштөө алкагындагы милдеттенмелерин аткаруусу жөнүндө

Новости
29-Октябрь 2016-ж.
1956

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 20014-жылдын 29-майындагы Еврвзия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин №1 тиркемеси болуп саналган, Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун 30-пунктуна ылайык, ошондой эле 2014-жылдын 23-декабрындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен бекитилген ЕЭКтин ишинин Регламентинин 104-пунктуна ылайык 2016-жылдын 30-сентябрында ЕЭКтин дарегине Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин ички рыногунда иштөө алкагындагы милдеттенмелерин аткаруусу жөнүндө” Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 27-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу сунушу менен кат жиберген.

Бул чечими менен ЕЭКтин Коллегиясы Кыргыз Республикасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июндагы токтомдорун колдонууда ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин беренелерин аткаруу зарылчылыгы жөнүндө билдирет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги төмөнкүлөргө таянуу менен Коллегиянын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө кайрылууну демилге кылды.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талон берүү тартиби иштейт (КРӨнүн 30.06.15 токтому).

Көрсөтүлгөн механизм Кыргыз Республикасына мүчө-мамлекеттердин аймагына алынып келүүчү товарларды чектебейт, Мамлекеттик чек ара фискалдык максаттарда транспорт каражаттарын кароо укугуна ээ эмес, -анын ордуна,- мүчө-мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарларды тастыктоочу товар коштоочу документти гана же талонду кабыл алуунун ишке ашырат.

Колдонуудагы бул механизм кыйыр салыктарды башкаруу максатында талон көрсөтүү аркылуу киргизилип 2015-жылдын 16-октябрындагы Бурабай шаарында кол коюлган ЕАЭБдин бажы аймагында товар жүгүртүү жана алып келүү маселелери жөнүндө Протоколдун талаптарына жана ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин №18 Тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына шайкеш келет.

ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин №18- Тиркемесинин 2-пунктунун 3-пунктчасы боюнча- салык төлөөчү салык органына товар импорттолуучу аймактагы мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген формадагы салык декларациясы менен бир эле мезгилде, мүчө-мамлекеттин биринен экинчи мүчө-мамлекеттин аймагына товардын алынып өткөндүгүн тастыктоочу транспорттук (товар коштоочу) жана же башка документтерди тапшырат.

Протоколдун 3-беренесинин 11-пункту- товарларды ташып өтүүнүн укуктук жактан тууралыгын контролдоо максатында мүчө мамлекеттер өз мыйзамдарына ылайык, мүчө-мамлекеттердин чек арага жакын аймактагы өз ара соода жүргүзүү алкагында товарларды ташып өтүүнү эсепке алууну жүргүзүүгө укуктуу.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тагыраагы Салык кодексинин 282-6 беренесинин 4- бөлүгүндө белгиленгендей, КНС боюнча салыктык милдеттенмелердин пайда болгон датасын аныктоо жана ЕАЭБдин мүчө –мамлекеттеринен импорттолуучу товарларды эсепке алуу датасы болуп Кыргыз Республикасынын чек ара органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү берүүчү, мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө документтин негизинде аныкталуучу дата болуп эсептелет. Мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө документ берүү тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана ЕАЭБдини укугунун алкагында аракеттенет жана кыйыр салыктарды башкаруу менен байланышкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу