Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл 27 жыл толгондугуна байланыштуу 23-сентябрдан 30-сентябрга чейин Министрликте Мамлекеттик тил жумалыгын” жарыялайбыз. Мамлекеттик тил жумалыгынын” иш тартибинде:
- министрликтин ички өз ара байланышууларын мамлекеттик тилде жүргүзүү;
- конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чараларды мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде өткөрүү;
-министрликтин кызматкерлеринин мамлекеттик тилди иш жүзүндө пайдалануу деңгээлине Мамлекеттик тил жана котормо бөлүмү тарабынан күн сайын баалоо жүргүзүлөт.