Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу тутуму боюнча

Новости
19-Сентябрь 2016-ж.
2017

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө келишимге ылайык техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча анын ичинде ЕАЭБдин аймагында тамак-аш коопсуздугу, жеңил өнөр жай продукциялары медициналык каражаттар жана буюмдарды жүгүртүүнүн техникалык регламенттери боюнча практикалык жана консультативдик жардамдарды берүү максатында, бүгүн, 20-сентябрда семинар болот.

Тактап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу тутуму” темасындагы семинар, КР Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун базасында саламаттык сактоо, айыл чарба, мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл , бизнес жана ишкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өтөт.

Семинардын спикерлери болуп ЕАЭБдин Техникалык жөнгө салуу жана Аккредитация департаментинин өкүлдөрү: И. Шпак, А.Головцова, Д. Рождественский чыгып сүйлөйт, өз сөздөрүндө, техникалык жөнгө салуунун актуалдуу маселелери боюнча , тагыраагы, ата-мекендик өндүрүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана мамлекеттик мекемелер күнүмдүк ишинде учуратып жаткан актуалдуу маселелер жөнүндө чыгып сүйлөшөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу