Министр А. Кожошев бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташуу инструменттерин талкуулады

Новости
19-Сентябрь 2016-ж.
1890

Ушул жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинде Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасында расмий визит менен жүргөн Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти ЧжанВэньцай менен жолугушту.

Министр өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн ыраазычылык билдирүү менен банктын түзүлгөндүгүнүн 50-жылдык мааракеси менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандан кийинки өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаал, учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана колдоо багытында кызматташуунун перспективалуу багыттары , инвестициялык климатты жакшыртуу талкууланды.

Чжан Вэньцай мырза АӨБдүн классификациясы боюнча калктын орточо кирешеси төмөн өлкө болуп санала тургандыгына көңүл бурду. Ушуга байланыштуу тике инвестицияларды тартуу үчүн экономикадагы структуралык кайра түзүүлөр менен башталган реформаларды улантуу зарылчылыгын белгилеп өттү.

Ошондой эле орто жана чакан бизнести колдоо үчүн түзүлгөн Кепилдик Фондун каржылоо жана капитализациялоо механизми талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын бизнести өнүктүрүү, түз инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүк, бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн кызматташуунун башка инструменттери талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу