Кыргыз Республикасынын Экономика министри Эл аралык валюта фондунун башчысы менен болгон жолугушууда экономикалык өнүгүү перспективаларын талкуулады

Новости
19-Сентябрь 2016-ж.
1865

2016-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Арзыбек Кожошевдин Эл аралык валюта фондунун башчысы Эдвард Джэмайэл жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык валюта фондунун офисинин туруктуу өкүлү Яхья Саид менен 2015-2018-жылдарга карата кеңейтилген кредиттик механизмдин алкагында, каржы жана экономикалык саясат боюнча үчүнчү программаны карап чыгууну өткөрүү үчүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы абалынын маселелери, 2017-жылдын негизги милдеттери жана болжолдору, экономикалык жана каржылык саясат боюнча меморандумду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр А.Кожошев салык саясаты жана салыктык башкарууну бекемдөө жаатындагы реформалар боюнча, мүмкүн болуучу салыктык келип түшүүлөрдүн азайып кетүүсүн компенсациялоого багытталган 2016-2017-жылдарга карата салыктык ченепмдер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кенен токтолду.

Өз кезегинде Э. Джэмайэль бюджеттин бүгүнкү күндөгү абалына болгон тынчсыздануусун билдирди, ошону менен бирге Өкмөттү мамлекеттик карыздарды азайтууга жана максаттуу деңгээлге чейинки бюджеттин каатчылыгын кыскартууга болгон чараларды иштеп чыгууга үндөдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу