Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусу менен ЕАЭБдин бажы аймагында товар ташып келүү жана жүгүртүү маселелери боюнча

Новости
19-Сентябрь 2016-ж.
1968

2016-жылдын 20-сентябрында КР Экономика министрлигинин чоң залында Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусу менен ЕАЭБдин бажы аймагында товар ташып келүү жана жүгүртүүнүн айрым маселелери боюнча” тегерек стол болуп өттү.

Иш –чаранын жүрүшүнө КР экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, КРӨнүн Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов, КРЭМдин Салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубан Айдаралиев, республиканын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жоглугушуунун катышуучулары Казакстан Республикасы ЕАЭБдин ташып келүүдөгү алымдарынын ставкасына салыштырмалуу төмөн бажы алымдарынын ставкасы колдонулуучу товарлардын тизмеси боюнча колдонулуучу бажы алымдарынын ставкалары жөнүндө, ошондой эле ДСУнун ставкалары боюнча алып келинген товарларга карата Казакстандын аймагынан алып чыгууда жарандар менен ишкерлер кандай жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Тактап айтканда, 2015-жылдын 30-октябрынан тарта Казакстан ДСУнун 162-толук укуктуу мүчөсү болуп калды.

Анын ичинде, Казакстандын ДСУга кирүүсүнүн негизги шарттарынын бири болуп- бир нече товардык позиция боюнча тарифтик милдеттенмелер болуп эсептелген- ДСУ шартында алып келүүлөрдүн ставкасы ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин алкагында колдонулуучу бажы алымдарынан төмөн болгон - алып салуулардын тизмеси болуп саналат.

Биримдикке кирген мамлекеттердин ДСУ алкагында төмөндөтүлгөн бажы алымдарын төлөө менен алып келинген казакстандык товарларды, Биримдикке кирген мүчө-мамлекеттерге, реэкспортуна кооптонуусун эске алып, ЕАЭБдин мамлекет башчылары 2015-жылдын 16-октябрында Казакстандын тарифтик милдеттенмелерин имплементациялоо боюнча бир нече документтерге кол коюшкан, тактап айтканда, Казакстан Республикасынын ДСУга кошулуусу менен байланышкан ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып келүү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоочу:

- ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып кирүү жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” Протокол;

- Казакстан Республикасынын ДСУга кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө” Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими.

Анын ичинде, кол коюлган документтерге ылайык Казакстан өзүнө төмөндөтүлгөн бажы алымдары менен Казакстанга ташылып келген, алып салуулардын тизмесине киргизилген товарларды Биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып чыгууга жол бербөөгө милдеттенме алган.

Бүгүнкү күндө алып салуулардын тизмеси 1347 товардык позициядан турат(ТЭИТН алкагындагы товардык топтордун 97-синин ичинен 58-товардык топ боюнча, анын ичинде айыл чарба продукциясы, жеңил өнөр жай, транспорт каражаттары, эт жана деңиз азыктары, шиналар, кагаз, кийим, бут кийим, түтүк, өнөр жайы үчүн жабдуулар, электрондук аппаратуралар), аларды ташып келүүгө ЕАЭБдин БТТдан төмөн болгон бажы алымдарынын ставкалары колдонулат. Алып салуулардын тизмеси 2016-жылдын 1-январынан баштап колдонула баштады.

Биринчи этапта Казакстан 1347 товардык позиция боюнча алып салууларды колдонот (товарлардын тизмеси КР Экономика жана Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайттарында жайгаштырылган)

- 2016-жылдын 12-августундагы Казакстан Республикасынын ДСУга кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө” Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминде Тизмеге киргизилген товарларды Казактанга жайгаштырууда товар коштоочу документ” катары тааныла турган документтердин тизмеси бекитилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ылайык, товар коштоочу документ катары Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин аймактык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, РК нын улуттук эсепке алуу тутумунда катталган электрондук эсеп-фактуранын кагаз түрүндөгү көчүрмөсү таанылат, ошондой эле төмөнкү документтердин бири коштойт:

а) ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары боюнча мурда үчүнчү өлкөдөн алып келинген товарларды жайгаштырууда -РКнын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин аймактык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бажы декларациясынын көчүрмөсү,

б) РКнын аймагында өндүрүлгөн товарларды жайгаштырууда -2009-жылдын 20-ноябрындагы КМШдагы товарлардын өндүрүгөн мамлекеттерди аныктоо тартиби жөнүндө Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, товарларды өндүргөн мамлекетти аныктоо Тартибине ылайык берилген товарлардын өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын түпнускасы болгон СТ-1 формасы

в) Эркин экономикалык зоналарда жана эркин кампаларда өндүрүлгөн товарларды жайгаштырууда-Атамекен” РК ишкерлеринин улуттук палатасы күбөлөндүргөн Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык берилген СТ-KZ формасындагы товардын келип чыгуусу жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү

г) башка мүчө-мамлекеттерден мурда алынып келинген товарларды жайгаштырууда-( Келишимдин 18-тиркемеси) товарларды, кызмат көрсөтүүнү, ишти экспорттоо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуу тартиби жана алардын төлөнүүсүн контролдоо механизми жөнүндө Протоколго ылайык товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын көчүрмөсү.

Ташуучулар төмөнкүлөргө көңүл буруусу зарыл:

Казакстан Республикасынын аймагынан ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына белгиленген тартиптер менен талаптарды бузуу аркылуу ташууга ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары каралган.

Жогоруда келтирилген документтер жок болгон факты ачыкталса КоАО КР 213-11–беренесине ылайык администрациялык чаралар көрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу