Иран Кыргызстандын жүктөрүн транзиттик ташууга даярдыгын билдирди

Новости
09-Август 2016-ж.
1803

Иран Ислам Республикасынын Жол жана шаар куруу министирлигинин алдындыгы Порттор жана кеме жүргүзүү мекемеси Кыргызстандын жүктөрүн транзиттик ташууга өзүнүн даярдыгын билдирди.

Ирандын түштүк жана түндүк портторунун милдеттик мукүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын соода мүмкүнчүлүгүн эске алганда, Кыргызстан тарабына порт кызматтарын көрсөтүү үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок.

Ирандын порт кызматтарына болгон Кыргызстандын муктаждыгын аныктоо максатында, КР Экономика министрлиги өлкөнүн бизнес-ассоциацияларын кыргыз тарабынын логистикалык жана транзиттик муктаждыгын, товарлардын түрлөрү, ассортименти жана көлөмү тууралуу болгон маалыматтарды берүүсүн сурайт

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу