Жалал-Абад шаарында «Гендер талаптарын эске алуу менен айымдар ишкердүүлүгүнүн каржылоосун жакшыртуу» аталышында семинар өтөт

Новости
10-Август 2016-ж.
2337

2016-жылдын 12 августта Жалал-Абад шаарында «Гендер талаптарын эске алуу менен айымдар ишкердүүлүгүнүн каржылоосун жакшыртуу» аталышында семинар өтөт. Семинарга катышууга КРнын Улуттук банкынын, райондук жана облустук мамлекеттик администрациясынынөкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, КРнын Экономика министрлигинин аймак аралык башкармалыгынын башчылары жана жергиликтүү деңгээлде айымдарды микрокаржылоо маселесине кызыкдар тараптар чакырылды.

Семинар катышуучулары өз ишмердүүлүктөрүндө аймактын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык пландоосу жаатында көптөгөн маселелерге туш болушат. Жергиликтүү бийлик органдары социалдык саясатты ишке ашыруу маселеси үстүндө жер-жерлерде иш алып барып, айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү маселеси алардын бала бакчаларды өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы кызматтарды жакшыртуу, бош убакытты камсыздоо, спортко жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттарды түзүп берүү боюнча ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышта болуп келет. Гендер маселесин билип, аны күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдоно билүү алар үчүн зарыл.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жалпы гендер мамилелеринин негизги түшүнүктөрү, чет элдик өлкөлөрдүн мисалында микрокаржылоо саясатындагы гендердик сезгич саясатты ишке ашыруунун мыкты мисалдары менен таанышып, айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүүдө көмөк боло турган өз иш-аракеттеринин планын иштеп чыгуу үчүн маалымат алышмакчы. Уюштуруучулардын айтымында, семинар кичи шаарларда жана айыл жергесинде айымдар менен бир катар мырзалардын да керектөөлөрүн канааттандыруусу үчүн жана чектөөчү факторлорду жеңүүсү үчүн катышуучулардын гендер мамилелерин микрокаржылоодо колдонуу жаатындагы билимин жакшыртмачы.

Окуу «Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өтөт. Аталган долбоор Япониянын жакырчылыкты кыскартуу боюнча фонду тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу каржыланып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан ишке ашырылып келет.

Долбоор 2014-жылдан тартып ишке ашып, ишкер айымдар керектөөлөрүнө жооп берген сапаттуу финансылык кызматтарга жеткилигин түзүп берүү аркылуу айыл жергесиндеги айымдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул сыяктуу окуулар Кыргызстандын башка облустарында да пландаштырылган.

Өткөрүлө турган жери:

Жалал-Абад ш., мейманканасы Мол-Мол”, Ленин көч. 17.

Кошумча маалымат алуу үчүн КРнын Экономика министрлигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө кайрылыңыздар, тел: (312) 624120,

email:manager@wedev.kg

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу