Экономисттерди коом азыркы замандын каармандары деп таанып жатат

Новости
06-Июнь 2016-ж.
3187

2016-жылдын 6-июнудун КРнын экономика министрлигинин чоң залында министр А. Кожошев экономисттер күнүндөгү салтанаттуу жыйынында кесиптик майрам менен чын дилинден куттуктады.

Министрликтин кызматкерлери жана биздин ардагерлер, министрликтин ар түрдүү жылдардагы жетекчилери жана башка урматуу коноктор катышып жатышат.

Сиздерге дайыма кош келиңиздер деп кучак жаюу менен тосуп алабыз жана сиздердин ишиңиздер, министрликтин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар унутулбайт, тарыхтын бир бөлүгү катары жазылып калат дейбиз.

Ушул салтанаттуу майрам күнү биз өзүбүздүн кесип жөнүндө ойлонуп, баа берип көрсөк абадан жакшы, абдан керектүү кесип экенине ынанууга болот. Анткени биздин ишибиз эл үчүн абдан керек. Экономисттерди коомубуз азыркы замандын каармандары деп таанып жатат.

Ар бир доордун өзүнүн каармандары болот. Бир убактарда баатырлар, андан соң физиктер, дагы бир жылдары лириктер замандын каармандары болушса азыр экономисттер биринчи планга чыгышты. Дүйнө жүзүндө экономика баарын чечет, экономист кесиби өзгөчө абройго ээ деген ой өкүм сүрүп жатат. Дүйнөлүк рынокто ким алга озсо ошол элдин турмушу жакшырып, бакубат жашап жатат.

Бизден дагы эл көп нерсени күтөт. Элге экономика чөйрөсүндө туура жолду көрсөтүп, жеңиштүү, жемиштүү иштер болуусун камсыз кылууга тийишпиз. Эртең биздин турмуш оңолобу деп элибиз күтүп турганда экономикалык стратегияны тактап, экономикалык саясатты аныктап, жол көрсөтө турган сиздер болосуздар. Сиздердин интеллектуалдык потенциал, сиздердин билим, тажрыйба жана күжүрмөн эмгекчил касиеттер андыктан зор мааниге ээ.

Ушул коллектив залда олтурган мурдагы министрлердин аракети менен катардагы министрликтен Өкмөттүн эң негизги маанилүү министрлигине айлана алды. Анткени министрликте өлкөбүздүн ичиндеги эң тажырыйбалуу, таланттуу, өзгөчө ой жүгүрткөн, бир нече тилде сүйлөгөн адистер иштеп жатышат.

Ушул залда олтурган көпчүлүк адистер англис тили гана эмес, япон, корей жана башка тилдерде эркин сүйлөшө алышат. Бул жагдай өлкөбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүндө эл аралык тажрыйбаны кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Бүгүнкү арабызда сыйлуу конокторубуздун арасында олтурган мурдагы министрлерге кайрыла турган сунушумду айтпай кетпесем болбойт.

Урматтуу экс-министрлер. Сиздердин экономика министрлигинин ушундай деңгээлге жетишишине, тажырыйбалуу, талантуу адистер менен толукталышына жасаган эмгегиңиздер баа жеткис.

Алдыда бизди көп сыноолор күтүп турат. Дүйнөлүк масштабдагы гиганттар тирешип, санкциялар аркылуу күч сынашып жатканда, дүйнөлүк экономикадагы кырдаал кыйын болуп турганда биздин экономикага зарыл кадамдарды аныктап, элибизди кыйноого салбай турмушун оңош керек болуп жатат. Биз ири интеграциялык коомго – Евразиялык экономикалык биримдикке кошулдук. Ушул багытта дагы толук кандуу иштеш үчүн бир топ олуттуу маселелерди чечүүгө туура келет.

Ал маселелер Жогорку Кеңештин, Президенттин жана Өкмөттүн Аппараттарынын адистеринин, ошондой эле башка министрликтердин бир багытта чогулуп иштешинин натыйжасында ишке ашат.

Бирок ошол эле мезгилде абдан жогорку квалифкациялуу адистер бул ишке катышпай жатканы мени өкүнтүп келген. Албетте ар бир министрликте мыкты адистер бар, бирок министрдин деңгээлинде иштеген адистердин деңгээли алардан да бийик экенин танууга болбойт. Токтогул Сатылгановдун бир ырын ушул жерде эстөөгө туура келет:

Толгон жылдыз биригип

Толуп турган Айдай жок

Тогуз улак биригип

Кысыр эмди тайдай жок, - деп атактуу акын ырдаган.

Ушул себептен мен министрликтин алдында Экс-министрлердин Кеңешин түзүү керек деген сунуш менен сиздерге кайрылам жана сунушумду сиздер колдойсуздар деген үмүттөмүн. Бул Кеңеш убагы убагы менен жолугушуп, маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды даярдап берсе деген ойдомун.

Ошондуктан келген конокторго ден соолук, ийгилик каалоо менен элибиздин бакубат турмушу үчүн биздин министрликтин девизи менен айткандай баарыбыз бирөө үчүн, бирөө бардык республика үчүн деген ураан менен иштешели деп чакыра кетет элем.

Урматуу кесиптештер сөзүмдүн акырында сиздерге, сиздердин жакындарыңыздарга, бир туугандарыңыздарга чың ден соолук, жаркын маанай, бакты-таалай, ачык асман, тынч жана берекелүү заманды каалаймын.

Ошондой эле, бул майрамдын аягында конокторго жана кызматчыларга эстелик белектер тапшырылды.

Эстете кетсек, кесиптик майрам – ар жылы 7-июнда белгиленген Кыргызстандын финансалык-экономикалык кызматкерлеринин күнү финансалык-экономикалык кызматкерлеринин баардык экономиканын тармактарына, илимий, республиканын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө билим берүү мекемелерине маанилүү салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-апрелиндеги токтому менен коюлган.
"" ""
""
""""""

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу