Министр А. Кожошев бардык финансы-экономикалык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
05-Июнь 2016-ж.
2200

""Урматтуу кесиптештер!

Министрликтин бардык кызматкерлерин кесиптик майрамыңар менен чын жүрөгүмдөн куттуктап жатып, бардыгыңыздарга жаңы ийгиликтерди, жаңы үмүт тилектерди, ар бириңиздердин ден соолугуңуздарды тилейм.

Баарыбыз эл үчүн кызмат кылган улуу инсандар экенибизди унутпай, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымыбыз өзүн актайт- деген, - ишенимди билдиргим келет.

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык тармагында өз ишин мыкты өздөштүргөн, ак ниеттүү, жоопкерчилиги жогору турган, Кыргыз Республикасынын экономикасынын келечеги үчүн өз жанын аябаган экономисттердин кылган эмгеги зор. Өлкөнүн, балдарыбыздын келечегинин дубалын бекем тургузууда экономика тармагынын өнүгүүсү олуттуу мааниге ээ.

Дүйнөлүк экономикада болуп жаткан көрүнүштөрдүн таасири астында тизе бүгүп турбастан, өз бутубузга бекем туруп, Евразия экономикалык бирлигинин, жана бир катар долбоорлордун алкактарында экономикалык жаатта алгылыктуу ийгиликтерге жетишиңерге тилектешмин.

Биздин башкы максатыбыз- күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу болуп саналат. Ар бириңиздерге жаркын келечек, үй-бүлөлүк бакыт, элибиздин эртеңки үмүттүү келечеги үчүн талыкпаган эмгегиңиздер ийгиликтерди коштоп жүрсүн дегим келет.

Бар бололу, бир бололу, тилектерибиз кабыл болсун, жараткан ишибизге орток болсун!!!

КР экономика министри А. Кожошев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу