Экономика министрлиги: Кытайдын ашыкча өндүрүштүк кубаттуулугун Кыргызстанга көчүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө

Новости
26-Май 2016-ж.
2010

Экономика министрлиги Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын” биргелешип куруунун алкагында, кытай тарабына КЭРдин ашыкча өндүрүш кубаттуулугун Кыргыз Республикасына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылынган.

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын бир нече жылдык кызматташуусунун натыйжасында бир нече ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылды. Жыл өткөн сайын мамлекеттер арасында түрдүү чөйрөдө кызматташуу туруктуу өнүгүүдө.

Кыргыз Республикасынын Премьер- министри Т.Сариевдин 2015-жылдын декабрында Пекинге жасаган жемиштүү иш сапары, инвестициялык, соода-өнөктөштүк кызматташууну бекемдөө жана жөнгө салууга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берди.

Иш сапардын жүрүшүндө Кытайдын жетекчилиги менен КЭРдин ашыкча өндүрүштүк кубаттуулуктарын Кыргызстанга которуу жөнүндө маселе козголгон. Бул боюнча бир келишимге келип, кытай тарабы тарабынан бул иштер аткарыла баштады.

Үстүбүздөгү жылы Москва шаарында Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп берүүчү министрлердин жолугушуусу болуп өтүп, ШКУ алкагында экономикалык мейкиндик түзүү маселелери талкууланган. Бул жолугушуунун алкагында, экономика министри А.Кожошев жана КЭРдин коммерция министри жогоруда аталган маселенин бул багыттагы сүйлөшүүлөр жана иштер боюнча жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган тууралуу талкуулашкан.

Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев КЭРдин Тышкы иштер министри И. Ван менен жолугушуусунда кытай тарабы ашыкча ишканаларды көчүрүү жөнүндө демилгесин колдой тургандыгын билдирди.

Кытайда мамлекеттик сектор чечим кабыл алууда маанилүү ролго ээ. Кытай өнөктөштөр Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгондугуна байланыштуу өз ишканаларын Кыргызстанга көчүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Учурда ишканаларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, ашыкча ишканаларды Кыргызстанга көчүрүү Кыргызстан үчүн пайдалуу. Республикада бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө, ошону менен бирге республикада ийкемдүү мыйзамдар, ыңгайлуу салык тутуму, арзан электр энергиясы жана жумушчу күчү бар.

Бул жагдайлар республиканын эксперттик коомчулугу менен тастыкталган. Өнөр-жай секторунун эсебинен ИДП нын өсүүсүн, өндүрүш көлөмүн камсыз кылып, жумушчу орундарын түзүүгө болот. Бул салыктык чегерүүлөр, ата-мекендик продукциянын ЕАЭБ рыногуна экспорттоо, жаңы технология, жалпы эле өлкөнүн өнөр-жай секторунун өнүгүүсүнө инвестициялардын келүүсү менен шартталат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 120-өлкөсү менен соода чөйрөсүндө кызматташууда, экспорт жана импорт структурасында Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болуп, Кытай, Швейцария, Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б өлкөлөр эсептелет.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүндө негизги артыкчылыктуу багыт болуп айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармак, өнөр-жай жана энергетика, туризм, тоо-кен тармагы, чакан жана орто бизнес, социалдык тармак эсептелет.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу