Нан –булочка азыктарын аз тартуу фактысы ачыкка чыкты

Новости
09-Май 2016-ж.
1929

КР экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция Саамал” ЖЧКна өлчөө бирдигиндеги ченемдик-укуктук актыларды сактоону камсыз кылуу жана өлчөө каражаттарын колдонуу жана алардын абалына текшерүү жүргүздү.

Метрологиялык көзөмөл жүргүзүү процессинде көрсөтүлгөн таңгакта көрсөтүлгөн салмакка дал келүүсүн аныктоо максатында

полиэтилен баштыктарында таңгакталган продукциялардын санына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, кондитер азыктарынын айрым таңгактарында көрсөтүлгөн салмакка туура келбеген фактылар ачыкка чыкты:

-алар 5граммдан 10 граммга чейин 150-грамм;

-165 граммдан 185 граммга чейин 720-грамм даяр продукция

Өлчөө каражаттарын 2016-жылга карата текшерүү графиги көрсөтүлгөн эмес. Бул КРӨ нүн 27.09.2012-ж -12 КР дагы өлчөө каражаттарын текшерүү тартиби жөнүндө жобонун” талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Пландуу текшерүүнүн натыйжасында сатылып жаткан продукциянын салмагы аз чыгып жаткан факт ачыкка чыкты, бул Керектөөчүнүн укугун коргоо жөнүндө” Мыйзамды бузууга жатат. Ачыкка чыккан укук бузууларды жоюу үчүн жазма эскертүү берилип, административдик укук бузуу боюнча протокол таризделди.

Ушуга чейинки метрологиялык көзөмөл 2014-жылдын апрелинде жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы боюнча өлчөө бирдигин камсыз кылуудагы ЧУА нын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу